www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейөкмөт уюмдар чындап зомбулукка каршы күрөшүүнү көздөшсө, башка жолдор менен күрөшсүн. Мындай пикирди журналист Сайрагул Дуулатова өзүнүн Facebook баракчасына жазды. 

--"Эртеӊ 15-апрелде жарандык активисттер, бейөкмөт уюмдар шайлоонун жыйынтыгын жана Айзаданын өлүмү боюнча пикирлерин билдирип митингге чыгышат экен. Ансыз деле күйүткө батып турган Айзаданын жакындарынын жарасын козгоп, эптеп шылтоо издеп көчөгө чыккан адамгерчиликке туура келеби? Каза болгон күндөн кийин көп адам кайгырды, аянтка дагы чогулушту. Чындап күйүп келгендер басымдуу болгону менен, арасында саясий упай, жеке кызыкчылыктар менен келгендерди дагы байкадык. Саясат менен зомбулукту аралаштырбай эле койсок болот беле? Бейөкмөт уюмдар чындап зомбулукка каршы күрөшүүнү көздөшсө, башка жолдор менен күрөшсүн чет өлкөлүк донорлорун дагы алдаба. Митинг эң жеңил жол. Кыйкырып, кыйкырып сүрөткө түшүп, отчет берип басып кетет. Мунун баары кем акыл кишиге деле белгилүү эмеспи", - дейт Дуулатова.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости