www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Жеңиштин урматына бир топ жылдан бери Ноокат районундагы Сахаба сейил багында 9-май күнү 20-30 миңдей адамдардын катышуусу менен алыш күрөшү өткөрүлүп келет. Күрөштү эл аралык чоң деңгээлге чыгарган ыраматылык Баяман Эркинбаевдин эмгеги зор болгон.

Кийин ЖКнын депутаты Алтынбек Сулайманов да 11 жыл күрөштү өткөрүп, элге майрам тартуулап, балбандарды колдоп келген.

Ал эми быйылкы күрөштү КРнын алыш белбоо күрөш федерациясынын вице-президенти, жеке ишкер Рустамбек уулу Советбек өткөрдү.

Байге фондуна бир миллион сом коюлуп, Өзбекстандан, Тажикстандан жана өзүбүздүн жети облустан жоон билек балбандар күч сынашты.

Улуу рамазан айы экенине карабастан 20 миңдей ашык адамдар ордуларынан жылбай аягына чейин көрүштү. Спорт гана элди бириктирип, ынтымакка, достукка үндөйт алат экен. Мындай оюндар көп боло берсин. Жыйынтыгында төмөнкү балбандар жеңишке жетишти.

70 кг салмак боюнча: 1-орун Жаныбек уулу Үсөн (Кыргызстан);

2-орун Абдилаим уулу Кабыл (Кыргызстан);

3-орун Мадаминов Сардар (Өзбекстан);

3-орун Мустапакулов Пардабай (Тажикстан).

80 кг салмак боюнча:

1-орун Акунов Нургазы (Кыргызстан);

2-орун Машрапов Илхом (Өзбекстан);

3-орун Жамалдин уулу Дамир (Кыргызстан);

3-орун Чураев Махсуджон (Тажикстан).

80 кг дан жогорку салмактар боюнча:

1-орун Абудали Мавлянов (Өзбекстан);

2-орун Каныбек уулу Мыктыбек (Кыргызстан);

3-орун Артыков Зайлообидин (Өзбекстан);

3-орун Койлуев Ымангазы (Кыргызстан).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости