www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев 2010-жылдан кийин кыска аралыкта миллионер болуп, туугандарына эле 20 млн. сомдон ашык кыймылсыз мүлктөрдү каттатып алганы ачыкка чыкты. Бул боюнча Мусакеевге «мыйзамсыз баюу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Мындай айыбы ачылганына чычалаган “жансакчы” АШАга караштуу журналисттерди кайдагы эски сарайларга алып барып актанды. Байкуш, итке минген кедей экенин айтып ыйлыктады, камаларын билип туталанды. Бирок, анын бул «концертине» эч ким ишенген жок. Дамир деле Атамбаевдин жанындагы башка адамдар сыяктуу акыркы 6 жылда «итке минген» абалдан чиренген байга айланганын элдин баары билет. Муну айылдаштары деле айтып жүрөт.

Бизге Мусакеевдин кирешелери жана анын жакындарына катталган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрү боюнча жаңы маалыматтар келип түштү. Анда ошол маалыматтар тууралуу кеп кылалы.

Д.Мусакеевге тиешелүү 7 автоунаа бар. Учурда ал 2016-жылы чыккан “Тойота Камри” унаасын тээп жүрөт. Анын баасы эле бери дегенде 25 миң АКШ жашылбайын чапчыйт. 2015-жылдагы декларациясына ылайык, бир жылда 430 миң 906 сом иштеп (эмгек акысы) тапкан. 2016-жылы 461 миң 397 сом, 2017-жылы 658 миң 856 сом киреше алган. 
Жубайы Нарботоева Мира Жаркымбаевна «Халык Банк Кыргызстан» АККсында эмгектенет. Анын наамына 2 автоунаа катталса, учурда 2002-жылы заводдон чыккан «Лексус RX 300» унаасын айдап жүрөт. Катардагы жансакчы амалкөйлүк кылып арамдан тапкан акчаларына мүлктөрдү алып, жакындарына каттата берген. Туугандарыма жаздырсам эч ким билбей калат деп ойлосо керек. Биз анын 2010-жылдан кийин гана “тапкан” байлыктарын сунуш кылабыз.

Атасы Сагындык Мусакеевге катталган мүлктөр:
1. Бишкек шаарынын Кеңсуу көчөсү №19 дарегиндеги үйдөгү батир (85 кв.м). Муну 2014-жылы 7-июлда каттаткан. Базар баасы 60 миң доллар.
2. Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында курорттук зонадагы жер тилке (500 кв.м). 2015-жылы 24-июнда каттаткан. Базар баасы 30 миң доллар.
3. Ак-Ордо конушу, Көк-Бел көчөсү №74 дарегиндеги жер тилке (400 кв.м). 2014-жылы 1-июлда каттаткан. Базар баасы болжол менен 25 миң доллар.
4. Сокулук району, Новопавловка айылындагы Проектируемая көчөсүндөгү жер тилке. 2010-жылы 18-февралда каттаткан. Базар баасы болжол менен 10 миң доллар.
5. Бишкек шаары, Суеркулов көчөсү 7а дарегиндеги батир (42 кв.м). 2015-жылы 22-октябрда каттаткан. Базар баасы 42 миң доллар.
6. Тоң району, Бөкөнбаев айылынын Осмонов көчөсү №29 дарегинде жайгашкан дүкөн. Базар баасы болжол менен 20 миң доллар.
7. Ысык-Көл облусунун Чоктал айылындагы курорттук зонадагы жер тилке. Базар баасы 30 миң доллар.

Эми апасы Айнура Төлөгөновага катталган мүлктөрдү тизмектейли:
1. Бишкек шаары, Рыскулов көчөсү 796 дарегиндеги батир (97 кв. м.). 2018-жылы 7-майда катталган. Базар баасы болжол менен 100 миң доллар.
2. Бөкөнбаев айылынын Мамбетов көчөсү №53 дарегиндеги үй (жалпы аянты 122 кв.м). 2016-жылы сентябрь айында катталган. (базар баасы 45 миң доллар) 
3. Бөкөнбаев айылынын Мамбетов көчөсү №52 дарегиндеги дүкөн. 2016-жылы 1-сентябрда катталган. (базар баасы болжол менен 25 миң доллар)
4. Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагындагы «Алтын кум» пансионатынын жанындагы «Борбор» коттедждик шаарчасындагы коттеджи. 2019-жылдын февраль айында кайра каттоодон өткөрүлгөн. (базар баасы болжол менен 150 миң доллар)
5. Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 88/2 дарегиндеги батир. 2018-жылдын 14-майында катталган. (базар баасы болжол менен 50 миң доллар)
6. Бишкек шаары, Калык Акиев көчөсү 99 дарегиндеги батир. 2018-жылдын 7-майында катталган. (базар баасы болжол менен 35 миң доллар)
7. Бишкек шаары, П. Лумумбы көчөсү 143 дарегиндеги батир. 2003-жылы 19-декабрда катталган. (базар баасы болжол менен 27 миң доллар)
8. Көк-Жар конушу, Куйручук көчөсү 20/2 дарегиндеги батир. Бул батир Д. Мусакеевге УКМКдан кызматтык батир катары берилген. (базар баасы болжол менен 25 миң доллар)
9. Бишкек шаары, Рыскулов көчөсү 796 дарегиндеги батир. 2018-жылдын 14-майында катталган. (базар баасы болжол менен 40 миң доллар)
10. Аламүдүн районунун Маевка айылындагы жер тилкеси. 2011-жылдын 20-январында катталган. (базар баасы болжол менен 10 миң доллар).

Асанмолдоев Куттубек Мудунович, 1966-жылы 10-апрелде туулган. Дамир Мусакеевдин жакын тууганы. Эч жерде иштебейт. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтар базасына Асанмолдоевге эки автоунаа катталган.
Мындан сырткары К. Асанмолдоевге төмөнкү кыймылсыз мүлктөр катталган:

1. Бишкек шаарынын Турусбеков көчөсү 88/2 дарегиндеги жалпы аянты 75 кв.м аянтындагы батир. (2018-жылы 14-майда катталган). Базар баасы 70 миң доллар турат.
2. Бишкек шаарынын К.Акиев көчөсүндөгү 99-үйдөгү квартира, жалпы аянты 47,5 чарчы метр, баасы 45 миң АКШ доллары. (2018-жылы 7-майда катталган). Аны ижарага берип койгон.
3. Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүндөгү №79-б үйдө жайгашкан 97 чарчы метр, баасы 100 миң АКШ долларга барабар батир. (2018-жылы 14-майда катталган). 
4. Бишкек шаарынын П.Лумумба көчөсүндөгү №143 үйдөгү квартира. (2003-жылы 19-декабрда катталган).

Жумабаева Гүлжанга (Асанмолдоев Куттукбектин жубайы) төмөнкү кыймылсыз мүлктөр катталган:

1. Ысык-Көл областындагы Бостери айылында жайгашкан курорттук-рекрациялык аймагындагы 150 миң долларга бааланган жалпы аянты 284 кв.м коттедж. 
2. Бишкек шаарында Сагынбай манасчы көчөсүндөгү 77-үйдө жайгашкан аянты 88 кв.м болгон батир. Баасы 70 000 доллар.
3. 12-кичи районундагы 30-үйдө жайгашкан кеңсе.
4. 12-кичи районундагы 30-үйдүн жанында ижарага алынган жер аянты.
5. Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районундагы 18-үйдөгү батирлер. (10.07.2012-жылы кайра катталган)

Дамир Мусакеевдин дагы бир тууганы Мудунова Алтынгүл Мудуновнага төмөнкү кыймылсыз мүлктөр катталган:

1. Бишкек шаарындагы Асанбай кичи районунда жайгашкан 52-үйдөгү жалпы аянты 87.5 кв.м болгон 80 миң долларлык батир. (04.02.2019-жылы катталган).
2. Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда жайгашкан 52-үйдүн короосундагы баасы 15 миң долларлык унаа токтотуучу аянт. (20.11.2018-жылы катталган).
Кыскасы адалсынып мүлктөрүнүн жүздөн бирин журнаисттерге көрсөтүп актанган Мусакеевдин айласы кетти. Анын мыйзамсыз байлык топтогону аныкталды. Эми камакка алынып, бул байлыктарды кайсы акчага алганын ачыкка чыгарышы керек. Элдин башын айлантам деп убара болбосун. “Атам картошка сатып байыган” деген жомогун балдарына айтсын. Төмөндөгү сүрөттөр биздин жогорудагы маалыматтарды тастыктап берет. Жалган десе соттон да дилдеп берүүгө даярбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости