www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда тосмолонгон бир канча чет элдик жана жергиликтүү сайттар блоктон чыгарылды. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Бул тууралуу президенттин администрациясына караштуу Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин директору Комилжон Алламжонов "Фейсбукка" жазды.

Анын айтымында, 10-майдан тарта "Voice of America", "BBC Uzbek", "Deutsche Welle", "Amnesty International", "Human Rights Watch", "Reporters sans frontieres", "Eurasianet.org", "AsiaTerra", "Fergana Agency", "Uzmetronom" өңдүү уюмдардын сайттары иштей баштады.

Алламжонов алардын буга чейин ачылбай турушуна "техникалык мүчүлүштүк" себеп болгонун белгиледи.

Тосмо алынып салынган Интернет даректердин ичинде "Азаттыктын" өзбек кызматы - "Озодликтин" сайты жок.

Өзбекстанда чет элдик сайттардын тосмолонушун буга чейин эл аралык коомчулук сындап келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости