www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы алдыңкы ырчылардын катарын толуктаган Дайыр Исмадияровдун баасы 10 000 (он миң) АКШ долларын чапчыган Toyota Camry (XV40) үлгүсүндөгү автоунаасын 28-апрель күнү, түнкү саат 11:30 дар чамасында Бишкек шаарындагы кафелердин алдында белгисиз жаран уурдап кеткен.

Ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына: --“Жакшына турган жерден машинемди уурдап ушундай абалга келтирген адамдын тирүү калганына сүйүндүм. Темир табылат, болгону качпай алдыма кел. Свердловский РОВДнын жигиттери жакшы иштеп аты-жөнүн, сүрөтүнөн бери табышты. Бирок кармай элек. Качып кайда бармак элең? Сүрөтүңдү чыгарайын дедим, азырынча кой деп күтүп жатам, кеч боло электе өзүң келээрсиң...”, деп пикир жазган ырчы Дайыр Исмадияров.  

Ишенимдүү булактардын айтымында ырчы, Дайыр Исмадияров Бишкектеги кафелердин биринде олтурган. Алгач ырчынын чечип койгон курткасын уурдап кеткен, чөнтөгүндө унаасынын ачкычы болгон.  Атайын жашыруун камерадан бейтааныш жарандын ырчынын курткасы менен автоунаасын уурдап кеткендигин көргөн. Окуя болгон жерден ырчы укук коргоо органдарына арыз жазганын айтты.

Окуянын чоо-жайын билүү максатында ырчы менен байланыша алган жокпуз. Маалыматтарга таянсак, Свердлов РИИБ кылмышка шектүү катары Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Бакай-Ата айылында 1997-жылы, 12-мартта туулган Аскарбеков Руслан каттоого алынган.

Учурда ырчынын кымбат-баалуу унаасы табылганы менен техникалык абалы толугу менен жараксыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости