www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарында орун алган өрт кырсыгына байланыштуу түрдүү пикирлер жана талкуулар жүрүп жаткандыктан КР ӨКМ  өзүнүн билдирүүсүн таратты.

Маалыматка таянсак, учурда Жалал-Абад шаарында күйүп жаткан нефтебаза жарылуу коркунучу бар объект. Адистер мындай учурда өрт өчүрүүгө тик учак колдонулбашын белгилешет. Тик учак өрт чыккан обьектиге өрт өчүрүүгө колдонулуучу көбүктү алып барууга ылайыкталган эмес. Көбүк өрт өчүрүүчү унаа менен гана күйүп жаткан обьектиге берилет. Нефти сакталуучу жайларда өрт катталганда дүйнөлүк практикада тик учак менен өчүрүү колдонулбайт. Эгерде токойлордо, талаада же бийик кабаттуу имараттарда ири өрт катталса, тик учак колдонуу натыйжасын бере, тургандыгын билдирди КР ӨКМнын басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, бүгүн 10-майда  Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан Нефти базадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.  

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругунун негизинде ӨКМдин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын күч каражаттары, мындан тышкары Ош облустук башкармалыктан дагы кошумча өрт өчүрүү бөлүм жана көбүк (пена)тартылууда. Учурда өрттү өчүрүүгө жалпы 10 бөлүм, 2 автошаты, жергиликтүү ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан 3 суу ташуучу унаа, РЭТ кызматынан 1 бригада, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМ кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы Аэропортунан 2 өрт өчүрүүчү унаа, Кочкор-Ата шаарындагы Кыргыз Нефти Газ ишканасынан өрт өчүрүүчү унаа өрттү өчүрүүгө жардам көрсөтүшүүдө. Мындан тышкары болжол менен 2000ге жакын адам коопсуз жайга эвакуацияланган.

Маалыматтарга таянсак Жалал-Абад шаарында күйүп жаткан мунай база саясатчы Камчыбек Ташиевдин туугандарына тиешелүү экени аныкталган жана күйүп жаткан мунай базасы "Томас и Ко" ЖЧКсына таандык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости