www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан Нефти базадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алгач өрттү өчүрүүгө учурда жалпы 4 бөлүм тартылган. Мындан сырткары ИИМ кызматкерлери, тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов министрликтин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору аркылуу онлайн режиминде Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан чыккан өрттү көзөмөлдөп жатат. Министрдин буйругунун негизинде ӨКМдин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын күч каражаттары, мындан тышкары Ош облустук башкармалыктан дагы кошумча өрт өчүрүү бөлүм жана көбүк (пена) тартылууда. Учурда өрттү өчүрүүгө жалпы 10 бөлүм, 2 автошаты тартылды. Жеринде ӨКМдин ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан 3 суу ташуучу унаа, РЭТ кызматынан 1 бригада, тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМ кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы Аэропортунан 2 өрт өчүрүүчү унаа, Кочкор-Ата шаарындагы Кыргыз Нефти Газ ишканасынан өрт өчүрүүчү унаа өрттү өчүрүүгө жардам көрсөтүшүүдө. Мындан тышкары болжол менен 2000ге жакын адам коопсуз жайга эвакуацияланган.  

Нефтебазадан чыккан өрт эрежелер менен өчүрүүлүдө. Тик учак колдонуу натыйжасыз болмок, себеп дегенде жарылып кетүү коркунучу бар объект, мындай учурда өрт өчүрүү унаа жана көбүк колдонуу менен менен өчүрүү керек. Өрт өчүрүүчүлөр өз өмүрүн тобокелге салып, тилсиз жоо менен аесуз күрөшүүдө, деп билдирди ӨКМ басма сөз кызматы.

Маалыматтарга таянсак Жалал-Абад шаарында күйүп жаткан мунай база саясатчы Камчыбек Ташиевдин туугандарына тиешелүү экени аныкталган жана күйүп жаткан мунай базасы "Томас и Ко" ЖЧКсына таандык.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости