www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлиги шишикке каршы дарыларды, иммунотерапия, химиотерапия препараттарын алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу маалыматты мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыялады.

Маалыматка ылайык, тендердин жалпы суммасы 66 млн 297 миң сомду түзөт.

Ал эми аталган сумманын көпчүлүк бөлүгү көкүрөк рагы менен жабыркагандарга керектелүүчү дары-дармек алууга жумшалат.

Белгилей кетсек, Салматтыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, көкүрөк рагы менен ооругандар онкологиялык оорулардын ичинен биринчи орунда турат, жабыркагандар жалпы онкологиялык оорулардын 19,2 пайызын түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости