www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-март күнү ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Жалил Атамбаев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, ага мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюуга айыпталууда. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Жалил Атамбаев ден-соолугунун кескин начарлашына байланыштуу, тез жардам кызматы чакырылган, жеринде медициналык кароодон өткөн учурда анын кан басымы 190/150 мм рт.ст. бирок УКМКанын кызматкерлери ооруканага жөнөтпөй коюшкан. Бул тууралуу маалыматты Гүлмайрам Абдраев өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты. 

Келтирилген зыяндын ордун төлөп берүүнү жана тергөө менен кызматташууну эске алуу менен, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жалил Атамбаевге карата кесилишүү чарасын үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.

Жалил Атамбаевдин туугандарынын айтымында, анын абалы оор экенин, ал азыр Бишкектеги шаардык ооруканалардын биринде, Ж.Атамбаевдин кан басымы 200/150 мм рт.ст. өз убагында медициналык жардам көрсөтпөгөндүктөн инфарктка чейинки абалда экендигин билдирди.

Кызыгы, Жалил Атамбаев мамлекеттик кызматкер эмес, ал жеке ишкер. Ош шаарына заманбап үйлөрдү курган азаматтардын бири. 30 жылдан бери өлкөнү жеп-жуткан жемкорлор менен ишкерлерди УКМК "иногда" алмаштырып аткан кыязы. Жер үйдү дүңүнөн саткан Бабанов, деги койчу толтура... 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости