www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Акаев биздин каршылыгыбзга карабай ири чарбаларды таратып салган. Мындай пикирди легендарлуу парламенттин депутаты, экс-министр, академик Жамин Акималиев  NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--“Кыргызстандын негизги бөлүгү бул - айыл чарба. Биздин аймак айыл чарбага, дыйканчылыкка ылайыкташкан да. Өлкөнүн 65 пайызы айыл чарбасы менен  алектенип, оокат кылып жатышат. Айыл чарба жакшырганда өлкө өнүгөт. Биздин эл, чоңдор ушуну жакшы түшүнүүсү зарыл. Бирок ушуну көпчүлүгү түшүнбөйт. Кыргызстанда айыл чарба системасы негизги көйгөй болуп келет. Биз Аскар Акаев президент кезинде айыл чарба тармагында Кытайдын жолу менен кетели дегенбиз. Чарбаларды майдалабай, ири боюнча калтыралы деген сунушту айтык. Аскар Акаев депутаттардын каршылыгына карабай кыйнап кол койдуруп, көптөгөн ири чарбаларды, айдоо жерлерди таратып салды. Керек болсо алма-бактарды дагы бөлүп салды. Анын бул чоң катачылыгы болду. Дүйнөдө чарба канчалык ири болсо ошончолук өнүгүп жатышат. Учурда эл кыйналып жаташат. Себеби, айылдарда техника жок. 420 миң майда чарба менен биз алдыга жыла албайбыз. Израилде, Кытайда ири чарбалары өнүккөн. Ошолордон үлгү алсак болмок. Биз канчалаган депутаттарга, министрлерге кайрылдык, угуп уюштуруп иштейин деген адам жок. Чоң базаны түзмөйүнчө айыл чарба аксай берет. Азыр эл чаржайыт эле иш алып барып жүрөт. Көптөгөн гранттар жана акчалар берилгени менен натыйжа чыккан жок. Качан гана чарба ири болгондо, ошондо айыл чарба алдыга жылат”, - дейт Акималиев.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости