www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы анын айланасындагы жогорку кызматты аркалаган айрым жакын санаалаштарын, тарапташтарын кабатырланып, бушайманга салды.
Натыйжада, көптөрдүн түн уйкусу бузулуп, ичкени аш болбой жаткан кез. Мына учурда бир катар министрлер иштен алынды. Алардын катарында Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын Башкы башкармалыгынын башчысы Салмоорбек Жумабеков дагы бар.
Коомчулукта Жумабеков тарабынан бир топ ишкерлер, жарандар жабыр тартышканы, андыктан кызматтык ишмердүүлүгүн кылдат текшерип чыгуу зарылдыгы социалдык тармактарда жазылып, айтылууда.
Жумабеков “бөрк ал десе баш алгандардын” бири катары таанылган. Анткени, ыйгарым укуктарынан аша чаап, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган делген айрымдардын жоопкерчилигин кароо тууралуу талаптар коюлуп, Башкы прокуратура иликтөө жүргүзүп жатат. Ишенимдүү булактар жакын арада аны камакка алынаарын айтты.