www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын атынан катышкан көк бөрүчүлөр менен жолугушту.

Жолугушууда Шыкмаматов спортчуларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, алардын жеңишке болгон эркин жана улуттук спортко болгон берилгендигин белгиледи.

Ал көк бөрүнүн Кыргызстандын маданий жана спорттук мурасындагы өзгөчө ордун белгилеп, улуттук спорт түрлөрүн мындан ары өнүктүрүүнүн жана жайылтуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Ошондой эле көк бөрүгө чет өлкөлөрдө да кызыгуу артып, бул спорт түрү эл аралык деңгээлде таанылып келе жатканын белгиледи. Анын айтымында, көк бөрүнү мындан ары өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу менен аны дүйнөлүк аренада таанытуу мүмкүнчүлүгү кеңейет.

Жолугушуунун жүрүшүндө көк бөрүнү эл аралык деңгээлде жайылтуу жана жаш спортчуларды колдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Последние новости