www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин ата-бабаларыбыз улуттун уңгусун түзгөнү менен учурда көпчүлүк бараткан жолунан адашып, жан дүйнөбүз жардылыкка түптүз кирип, салтты сыйлоо, дөөлөттүү өлкөгө айланып нукура кыргыз жолуна түшүп, кыргыздын улуулугун сактап кала алабызбы деген ойлор жаралат. Тилекке каршы, түздөнүп түптөлсөк деле салттуулук менен нарктуулуктун жолу бекемделип жаткандай.

Анткени төрт тарабы төп келген кыргыз кара кийип, кадыр-барк топтогон эмес. Үйүнө жылан кирсе ак чачып, алыс жолдон келген кишиге кымыз сунуп, атчаны жөөгө салам берип, устуканды улуулата сунган. Ал тургай кайгысын комуз менен билдирген улуу кыргыз, маданиятын атайылап ат арытып таанытпаса да тарыхтын барактарында өзгөчөлөнүп, бүтүндөй бир дүйнө жүзүнүн ажарын ачкан.

Элибиздин макал-лакаптары, накыл сөздөрү, нускалуу салты, рухий-адептик дөөлөттөргө мол “Манас” баш болгон эпосторбуз, дастандарыбыз, Жеңижок, Токтогул, Карамолдо, Ыбрай, Ниязаалы, Жети аке жана башка көзү өтүп кеткен ак таңдай акындарыбыз кол ойнотуп комуз чертип, айткан насааттары “кулактан кирип бойду алган” залкар күүлөрдү таштап кеткен.

Азыр деле, араларында биртике атаандаштык болбосо, акындардын арасында ачуу сөзүн айтып келе жаткан мыктылар бар. Ал эми ырчыларга келе турган болсок, эл арасында тынымсыз талкууга алынган Самара Каримовага токтоло кетейин.

Аталган ырчыны буга чейин деле талкалай жазып, таш талканын чыгарып сындап келгенибиз менен, анын кичипейилдигине чек жок, ар дайым көргөн жерден салам айтып, жаркылдап жайнап турганы жүрөк жибитет.

Кечээ жакындан бери Кожомкул атындагы спорт сарайында концерт берип, эл дүркүрөтүп кол чапканын өз көзүм менен көргөн “сый-урматка” токтоло кетейин.

Албетте, Самара Каримованын концертине элчилеп билет сатып алып барган жокмун, атайын чакыруу менен барып, “лоджисинен” орун алдым.

Барганда эле “лоджинин” эшигин кайтарган орус улутундагы аял ороңдоп кагып, зиркилдеп тосуп алды. Бир убакта эле элдин саны көбөйүп олтургучтар талашка түшүп, “кыйкырбаңыз” дегенге карабай, “мен сени таптайт” этемин деген боюнча залды башына көтөрдү. Жетекчилик тийиштүү чара колдонор деген үмүт менен сүрөткө бажырайтып тартып алдым.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин аттуу-баштуулар орун ала турган “лоджидеги” олтургучтун бири тарс этип минтип сынып да калды.

Ошентип, ызы-чуу менен орун алдык. Акырын сахна тарапка көз жүгүртүп Самара Каримованын концертинин башталышын күттүк. Сахнанын жасалгасы эми укмуш, заманбап, сөз жок. Ар бир ырынын табиятына жараша экранга видеотасма коюлган. Ырчынын кийген кийими менен ыры айкалышып, өтө шалактап, өтө ачылып кетпей анын сахнада өзүн эркин алып жүрүшү, чыны менен суктандырды. Бир нече тилде кытай, түрк, уйгур, инд ырларын аткарып зал толтура элди өзүнө тартып, атасына арнап ырдаган ыры көрүүчүлөрдүн көпчүлүгүн ыйлатты. Концерт бүткөнгө чейин бир нече кийим кийген Самара Каримованын аракетчилдиги, тыңдыгы анын үнүнүн мукамдыгына суктанып, Кытайдын президенти менен кол алышкан жаңылыгын сахнадан угуп, баа бердим.

Концертинин соңунда Кыргызстандын желегин экрандан көрсөтүп, мыкты ыры менен аяктап, залдын ичи түркүн түстүү шарларга толуп эле жатып калды.

Эң өкүнүчтүүсү, так ошондой жан дүйнөнү элжиреткен Кыргызстан тууралуу ырды укканда алдыда олтурган маданиятты майкандоочулар же катардагы жарандардын бири дагы Кыргызстандын желеги үчүн ордунан туруп, кол чаап койгонго жараган жок.

Сөзүмдүн жыйынтыгында, Самарага айтарым:

- Бар бол, оң менен солду, артыңды карабай кете бер! Жеңиш сен тарапта! Улуттук аң-сезим менен улуттук духтун чагылышы маданият, спорт аркылуу өтөт. Кыргыз эч качан Манасын айтпай, комузун чертпей, куюлушкан ырларын төкпөй, улуу сөзүн жазбай калышы мүмкүн эмес. Так ушул кыргыздын айтып бүткүс маданиятын дүйнөгө жеткир!

Баса, Самара сиңдим, мындан ары мени чакырсаң “лоджиге” эмес улагага бир үстөлдү коюп койсоң деле олтура берем. Айрым кесиптештер “төрдөн” саясат жасап, ызы-чуу кылбай эле койгула алтындарым, төр менен көрдөн маселе жараткан кыргыз салтына туура келбейт. Ачык айтып сурасаңар сынайын деп калчылдап турган ордумду деле бермекмин. Кыска өмүр төр менен бааланып баркталбайт.

Гүлжан Шерипбаева

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости