www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биздин пенсиялык фонд дагы 5-10 жылдан кийин жок болушу мүмкүн деп божомол бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев бүгүн, 27-июлда өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, ошондуктан учурда жарандардын топтоо фонду арзандап бара жатат.
«Эгер компаниялар Кыргызстанда өз иштерин каржы технологиялар жаатында жүргүзүшсө, анда жарандардын аманаттарын алтын менен сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар. Алтын дайыма кымбаттап турат, ошондуктан ишенимдүү актив болуп саналат», - деди ал.
Мындан мурда депутат Ибраев пенсияга байланыштуу айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу менен мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон.
Булак: NazarNews.kg