www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Самсаалы мырза, бу сапар шайлоо атаандаштыгы бир мандаттууларда күчтүү болобу же партиялар арасында күчтүү болобу?
- Бир мандаттуу округдан аттангандарда добуш үчүн кармаш катуу болот. Ал жерде байлык бийлиги жок, саясатка жаңы аттангандардын алдыга суурулуп чыгышы кыйын. Кандай карасак деле барып барып анча мынча саясатта аралашып жүргөнү, колунда бары, байы алдыга суурулуп чыгат. Бир жагынан караганда бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Ал эми партиялык тизме менен баргандар добуш алганына жараша жана гендердик талап сакталып мандатка ээ боло берет.
- Партия ичинде дагы алган добушка жараша мандат берилсе, талапкерлер ичинде пикир келишпестик жаралбайт деп ишенсек болобу?
- Партия 5% дык босогодон өтсө эле көп добуш алганына жараша гендердик талап эске алынып мандат бөлүштүрүлө берет. Ошондуктан, ал жерде мандат талаш болот деп деле ойлобойм.
- Президент айткандай шайлоону дүйнө эли таңкалгандай өткөрө алабызбы?
- Таң калдыра албасак да таза шайлоо өткөрүүгө баарыбыз жапа тырмак аракет кылышыбыз керек. Башка жол жок. Кыргызстанда үч жолу революция болсо, үчөөсү тең шайлоодон улам чыкты. Ыплас шайлоо өткөрөбүз деп дагы ыпырашыбыздын бизге кереги барбы? Албетте жок. Ошондуктан бийлик да эл да баарыбыз таза шайлоо өткөрүүгө аракет кылышыбыз керек.
Булак: NazarNews.kg