www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Саясий куугунтук кылгыдай Сегизбаев саясатчы беле?», - деди бүгүн, 5-февралда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Самсаалы Четинбаев.

- Самсаалы мырза, Абдил Сегизбаев мурдагы мыйзамсыз иштери үчүн камалдыбы же өзү айткандай өч алуунун азабын тартып, саясат үчүн камалып жатабы?

 - Саясий куугунтук кылгыдай Сегизбаев саясатчы беле? Же бир жолу президенттикке талапкерлигин коюп күпүлдөп, оппоненттерине каршы сүйлөп койсо эле саясатчы болуп калабы?

Бул жерде эч кандай саясий куугунтук жок. Сегизбаев Атамбаевге жагыныш үчүн өзү ойлоп тапкан, өз колу менен уюштурган (белизгейт) кылмышка жооп берип жатат. Аны өзү сопсонун билет.

- Курсан Асанов октябрь айындагы окуялар үчүн камакка алындыбы же элге жарыялабай турган башка иштери үчүн камакка алындыбы?

- Мен дагы Курсан Асановдун октябрь окуялары үчүн камалды дегендерине жакшы түшүнбөй турам. Андай болсо ал окуяда аралашкандардын баары жоопко тартылыш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости