www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Аялдын темпераментин бутуна карап билүүгө болот

Аялдын темпераментин бутуна карап билүүгө болот.

Ар бир аялдын сырткы келбетине карап, аздыр-көптүр мүнөздөмө берүүгө болорун психологдор айтып келишет. Бирок ошол дене мүчөсүнүн өзгөчөлүгү аркылуу аялдын темпераментин билүүгө болобу?

Бул эркектерге гана эмес, аялдардын өздөрүнө да кызык болушу мүмкүн. Эмесе, аялдардын бутунун түзүлүшүнө көңүл буралы.

 

Ал үчүн эки бутту бири-бирине тийгизип, түз туруу керек. Ошондо буттун ортосунда калган ачык жерге карап, төмөндөгү түрлөргө киргизүүгө болот.

А түрү

А түрүнө кирген аялдардын бутунун формасында балтыр менен сандын ортосунда аз эле ачык калат. Кененирээк ачык калган бир гана бөлүгү - бул көбүнчө томук. Мындай буттардын ээлери - эркектерди өзүнө тарта алган сонун адамдар. Алар токтоо, назик, бир аз тартынчаак, эркектерди өзүнүн тиреги деп эсептешет. Ошодой эле, ал эч качан эркектин алдына түшпөйт, өзү демилге көтөрбөйт. Өздөрүнүн назиктигин жоготушпайт. Аны менен баш кошкон адам өзүн чыныгы эркек катары сезет. Төшөктө дагы ушундай болот деп ишенсеңиз болот. Бирок, мындай аялдар депрессияга кабылса, алар көпкө чейин айыга алышпайт. Ошонусу менен да эркекти тез эле азгырып алышы мүмкүн. Айрыкча, төшөк маселесине келгенде...

В түрү

Бутун бириктирип турганда, ортодогу эң кууш жер томуктун тушунда болсо, анда мындай аялдар эркек аттууну өзүнө тартып турган магнит сыяктуу. Жалпылап алганда сымбаттуу, бирок эки бутту бириктиргенде ортосу ачык, тизелери тийишпей турат. Эки сандын да ортосу алыс. Мындай аял кайраттуу, ар кандай экспериментке даяр жана күйөөсүнүн көңүлүн калтырбайт. Көңүлсүздүк алар үчүн эмес. Дайыма ар бир эле адамдын колунан келе бербеген бир ишти баштап жүрүшөт. Жыныстык катнашта да ошондой. Жатталган иш-аракеттерди кайталай бергендерден көңүлү бат калат. Төшөктөн да түрдүү ырахат алууну жактырышат.

С түрү

Эки бутту кошуп турганда саны кошулуп, бирок тизелери тийбесе, төшөк катнашын бир гана бала төрөө же эркектин алдындагы милдет катары санашат. Жыныстык катнаштан ырахат алууга болоруна ишенбеген аялдардын адатта бутунун формасы ушундай болот. Алардын көз карашы боюнча, эркектерде гана төшөк катнашына болгон зарылчылык болот, ал эми аялдардын милдети ага “жооп берүү” деп билишет. Эгер, мындай аялдардын “точкасын тапса”, ысык кучактын чыныгы “жалынын” сездиришет.

D түрү

Тизе менен томуктун тушу гана тийишип, башка жердин баары ачык турса, мындай аялдарды адатта эркектер каалоосу жоктордун катарына кошушат. Алар төшөктө да эркин боло беришпейт, бирок түгөйүнүн бардык демилгесин колдоп, чогуу сүйлөшүүгө даяр. Эркектерге да көбүнчө ушундай аялдар жагат.

Аягында...

Албетте, бир гана сырткы келбетине карап мүнөздөмө берүүгө болбойт. Бул болгону божомол. Бирөөнүн таанып-билүү жана бири-бирин түшүнүү үчүн көп убакыт бирге туруп, чогуу жүрүү керек. Ал эми мындай божомолдорду өзүн-өзү таанып, кемчиликтерин оңдоо үчүн гана керек деп түшүнсө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости