www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо жакындаган сайын мурда шайлоо өткөзүп жүргөндөр дуулдап атышат. Алар мындай өнөктүк учурунда байып, айрым ишкерлерди “сындырышат” эле. Шайлоодон кийин ата, жотосунан тарагандарды кызматка коюп, мындай абалга эл жинденген учурлар көп болгон. Маселен, Акаевге иштегендер, төңкөрүштөн кийин токтоосуз эле Бакиевге секиришип, андан кийин Атамбаев, Жээнбеков үчүн иштеп жүрүшкөн.
Бул Кыргызстанда президенттик шайлоонун ыпылас көрүнүшүн далилдесе, мамлекеттик кызматкерлердин шайлоо системасына “чычкандыгын” көрсөтөт. Мындай шайлоолордон эл тажап, жедеп бүткөндө гана мамлекеттик төңкөрүштөр орун алган.
Азыр дагы айрым саясатчылардын аты аталып, “паланча Оштогу шайлоону жетектейт экен, түкүнчө Бишкекти карайт экен” деп атышат. Же, атайын айттырып атышат.
Эми ошол чуркагычтарды “иттин кара капталындай” кылбай шайлоо өнөктүгүнөн алыс кармаш керек. Ачыгын айтканда, бүгүн президент үчүн кайра шайланбай калуу деген коркунуч жок. Абал тынч, элдин маанайы жаман эмес. Менимче, эл азыр кимге добуш берээрин жакшы билет.
Шайлоонун тынч өтүшүнө бүткүл эл кызыктар, бирок, айрымдары козутуп, күлүн сапырып атышат. Алар тынбай эле кээ бир саясатчыларды такымдап, “Садыр Жапаровдун кийинки мөөнөтү бүткөндө ким келет”,- дешип, ар кимдин атын аташууда.
Мындай кара пиар менимче, ЖК төрагасын да беймаза кылды окшойт. Ким караңгыда чуркаса, жыгылат, саясат ушундай эле караңгы нерсе. Кийинки мөөнөткө дагы 5-6 жыл убакыт бар. Эч бир саясатчы 5-6 жылдан кийинки тагдырын тобокелчиликке салбайт. Андыктан, башы көрүнгөн саясатчыларга курулай доомат арта берген өтө уят нерсе.
Жогорку Кеңеш Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен санариптештирүүдө алдыга озду. Эл менен парламенттин мамилеси жогорку деңгээлге чыкты. “Сасыктар, чимкириктер, билимсиздер” сыяктуу айыптоолор азыр жок. Жаңычыл эрежелер жана жаңы демилгелер менен парламент иштеп атат. Мурдагылар менен салыштырып, карап көргүлө, ат менен төөдөй болгон айырмачылык өзү сезилет.
Манас ОСМОН