www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын жана Евробиримдиктин соңку санкциялары — дүйнөлүк саясаттагы эски сценарийдин жаңы көрүнүшү. Ар дайым “тынчтыкты орнотобуз” деген ураандын алдында Кошмо Штаттар өзүнө жакпаган өлкөлөргө басым кылып келгени жашыруун эмес. Бул ирет кезек Россиянын мунай гиганттарына – “Роснефть” жана “Лукойлга” келди.
Вашингтон бул чечимди “Украинада тынчтык процесси жылбай жатат” деген жүйө менен түшүндүрүүдө. Бирок чындыгында маселе тынчтыкта эмес, энергетикалык рыноктогу үстөмдүк үчүн жүрүп жаткан күрөштө. Орусия дүйнөнүн эң ири мунай жана газ өндүрүүчүлөрүнүн бири. Демек анын экономикасын басаңдатуу – Батыш үчүн геосаясий артыкчылыкка жетүүнүн жолу.
Санкциялардын негизги максаты – Орусиянын каржылык мүмкүнчүлүктөрүн чектөө менен анын өз алдынча саясат жүргүзүү жөндөмүн азайтуу. Бирок тарых көрсөтүп тургандай, мындай кадамдар тескери натыйжа берет. Санкциялар өлкөнү алсыратпастан, ички биримдикти күчөтөт жана жаңы өнөктөштүктөрдүн жаралышына жол ачат.
Бүгүн Кремль басымга туруштук берип, өз ресурстарын ички өнүгүүгө, Евразиялык жана Азиялык рынокторго багыттап жатат. Бул көзкарандысыздыкты бекемдөөнүн, дүйнөлүк саясий тең салмактуулукту сактоонун белгиси.
Демек, санкциялар – тынчтык эмес, саясат. Ал эми Орусия үчүн бул – жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн башаты.