www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кырк жашында премьер-министрлик кызматка келип, 8 айдан кийин эле парламент депутаттарынын ишенбөөчүлүк жарыялоосунун натыйжасында отставкага айдалган Сапар Исаков деги ким? Ал өзү айтып жүргөндөй «жаш реформатор кадр» беле же жаштайынан өлкөбүздүн кызыкчылыгын өзгөлөргө тебелеткен чыккынчы беле?
Жакшылап анализ жасап көрсөк, Сапар мырза сыпайы сүйлөп, чыкыя кийинген АКШнын тыңчысы болуп чыгууда. СССР деген ири державаны да АКШ узаак жылдар бою даярдап жүрүп, акыры советтер союзунун башына алып келген М. Горбачев жок кылганы тарыхта таасын жазылып калды. М. Горбачев СССР башында келгенде, ал кездеги советтик жарандар баш кийимдерин көккө ыргыта «Жаш жетекчи келди» деп кубанышкан. Ошол кубанычтын аягы союздун ыдырашы менен аяктаган.
Ошол сыяктуу эле С. Исаковдун да улам бийликтин өрүнө өрлөп отурушуна АКШнын Мамдепи кызыкдар болгон сыяктуу. Анда эмесе, анализ жүргүзүп көрөлү.
Өткөн 2017-жылы С. Исаковдун талапкерлиги өкмөт башчылыкка сунушталып жатканда, парламентте ага WikiLeaksке жарыяланган маалымат жана 2008-жылы (ал кездери С. Исаков КР өкмөтүнүн эл аралык мамилелер бөлүмүн жетектеп турган) ага карата мамлекеттик купуя сырларды сактоо боюнча кызматтык иликтөө жүргөндүгү тууралуу суроо берилген. Бул суроого С. Исаков оңдуу жооп бере алган эмес. WikiLeaks боюнча «бул карандай калп» деп эле кутулса, кызматтык иликтөө боюнча «бул жашыруун сыр, аны ачык айтканга болбойт» деп кутулган.
А чындыгында кандай болгон? С. Исаков 2008-жылдан тарта, И. Чудиновдун өкмөтүнүн эл аралык мамилелер бөлүмүн жетектеп баштаган 31 жашынан тарта АКШнын өкүлдөрү менен тыгыз кызматташа баштаган. Ал өзү да маалымат булактарына берген маектеринин биринде ал убакта АКШ элчисинин орун басары менен көп жолу жолугушууларды өткөргөнүн моюнга алган.
2009-жылы С. Исаков «Манас» аэропортундагы америкалык базаны жабууга каршы чыккан. Буга себеп катары ал, базаны жабууда Кыргызстандын финансылык мүмкүнчүлүгү кескин төмөндөп кетет деген. Анан ал АКШ элчилигинин өкүлдөрүнө кыргыз бийлигибаза боюнча меркантилдик (керт башынын гана кызыкчылыгын ойлогон) кызыкчылыгы бар экендигин билдирген. Ошону менен катар эле америкалыктарга «Россия базаны жабуу үчүн убада кылган финансылык милдеттерин толук көлөмдө аткарбай жатат» деген маанидеги маалыматтарды айтып, даттанган.
2009-жылдын 28-майында ошол убактагы АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана Гфеллер Вашингтонго кезектеги дипломатиялык шашылыш телеграммасын жөнөткөн. Анда «кыргыз инсайдери саясий чечимдерди кабыл алууда үстөмдүк кылган меркантилдик кызыкчылыктарды көрүп турат» деп айтылган. «Инсайдер» деген бул «өз киши» дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда, алардын кызыкчылыгы үчүн башка чөйрөдө туруп, маалыматтарды берип туруучу киши. Бул киши – С. Исаков болгон.
Ошол убакта премьер-министр болуп турган И. Чудинов кыргыз өкмөтүнүн пландары жана демилгелери боюнча Америка элчилиги алдын-ала эле билип алып атканына даттанган. Себеби, ал пландар өкмөт башчысынын столуна келип түшкөнгө чейин эле АКШ элчилиги аны билип турган. Демек, И. Исаков кыргыз өкмөтү кандай пландарды түзүп, эмнени демилгелеп жатканын толугу менен АКШ элчилигине ташып турган. Ошондон улам ошол кездеги АКШ элчисинин шашылыш билдирмесинде С. Исаковдун фамилиясынын алдында "strictly protect" (өзгөчө коргоочу) деген белги турса керек.
Кыргыз өкмөтүндө иштеп туруп, өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын жаштайынан сатып көнгөн С. Исаков аны кийин КР президентинин аппаратында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап турганда улантпай койгон жок. Муну ал кызматтык абалынан пайдаланып, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо кытайлык ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын коргогону тастыктап турат. Ал ошол убакта кытай компаниясынын өкүлдөрүн өтө көп санда кабыл алганы белгилүү болбодубу. Натыйжада кытайлык Эксимбанктан алынган 386 млн доллардын тең жарымы жеке «кекиртектерди» майлап кеткени билинип калды.
С. Исаковдун өз өлкөсүнө, элине жасаган үчүнчү ири чыккынчылыгы – бул «Кумтөр» долбооруна байланыштуу болду. Ал 2017-жылы өкмөт башчылык кызматка келгенине жарым ай гана толгон убакта, тактап айтсак 11-сентябрда кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд Инк» компаниясы талаштуу маселелерди толугу менен жөнгө салып жана «Тынчтык келишимине» кол коюлду деген маалымат тараган.
Мына ушул келишимге кол коюлган учурда Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы Мамлекеттик агенттиги «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсына каршы жазган арыздарынын негизинде жалпы суммасы 7,05 млрд сом (100 млн доллардан ашуун) соттун чечими менен утуп алган. Соттун чечимине ылайык, бул сумма токтоосуз төлөнүшү керек болчу.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы Мамлекеттик агенттиги «Кумтөрдүн» үстүнөн төрт доо арыз менен кайрылган. Биринчиси, эсепке алынбаган калдыктардын пайда болушу менен табигый ресурстарга келтирилген зыян үчүн – 663,2 миң сом. Экинчиси, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүндө катмарларды мыйзамсыз жайгаштыруу боюнча 6,7 млрд доллар. Үчүнчүсү, алтын кенинде тоо иштери өндүрүшүнүн натыйжасныда жер ресурстарына зыян келтиргени үчүн 161 млн 841,1 миң сом. Төртүнчүсү, Петров көлүнөн өндүрүштү жана чарбаны суу менен камсыз кылуу үчүн суу пайдаланганынын акысын төлөбөгөнү үчүн 188 млн 533,7 миң сом.
Ошентип, соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ушул төрт доо арыздары боюнча жалпысынан 7, 05 млрд сом (100 млн доллардан ашуун) каражат мамлекеттик казынага канадалык компания тарабынан төлөнүп берилиши керек эле. Бирок, С. Исаковдун өкмөтү бул каражаттан баш тарткандай эле болуп койду.
Анын ордуна «Тынчтык келишимин» түзүшүп, 50 млн долларды табиятты өнүктүрүү Фондуна, 7 млн долларды КР онкологиялык кызматын колдоо Фондуна которттурушту.
Белгилей кетели, бул 57 млн доллар «айлана чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу» болуп саналбайт. «Айлана чөйрөнү коргоо боюнча» мыйзамга ылайык, соттун чечими менен төлөтүлгөн каражат республикалык же жергиликтүү бюджетке келип түшүшү керек (54-берене). Ал эми 34-берене боюнча «Айлана чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджет аркылуу жүргүзүлөт».
Демек, жогорудагы аракети менен С. Исаковдун өкмөтү айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толуктоо боюнча соттун чечими менен төлөнүүгө тийиш болгон 100 млн доллардан ашуун каражаттан бир тараптуу баш тарткан. Аны ордуна эки фондко болгону 57 млн доллар которттурган.
Эгерде Кыргыз Республикасынын «Айлана чөйрөнү коргоо боюнча» мыйзамынын жоболорун анализдей турган болсок, анда С. Исаковдун өкмөтү мындай шарттар менен Тынчтык келишимин түзүүгө укуктуу эмес болчу: биринчиден, ал өкмөт аныкталган зыян сөзсүз түрдө толук көлөмдө төлөнүшү керек деген мыйзамдын жобосун бузган, экинчиден, зыяндын ордун толуктоо чечиминен баш тартуу да Өкмөттүн ыйгарым укугунда жок.
Мындан сырткары С. Исаковдун өкмөтү өздөрү түзгөн тынчтык келишиминде «келечекте дагы компанияга каршы мындай доо арыздарды жазбайбыз» деген милдеттенмени мойнуна алып койгон. Аны «Центерра» компаниясы өзүнүн корпоративдик сайтына жарыялаган.
Келечекте боло турган доо арыздардан баш тартуу мыйзамсыз жана ал өкмөттүн ыйгарым укуктарынын алкагынан сырткары чыгып турат. «Айлана чөйрөнү коргоо боюнча» КР мыйзамынын 40-беренесинде Кыргыз Республикасынын атынан келечекте болуучу доо арыздардан баш тартуу милдеттенмеси, башкача айтканда белгилүү бир негиздер менен доо арыздарды бербөө Өкмөттүн ыйгарым укуктарына кирбейт.
С. Исаковдун алешемдигиби же атайылап жасаганыбы, айтор анын өкмөтү «Центеррага» карата соттун токтомдорун да жокко чыгаруу милдетин алып алган. Соттун токтомдорун жокко чыгартуу да өкмөттүн ыйгарым укуктарына кирбей тургандыгын кыязы ал билбесе керек.
Анан дагы 2009-жылдагы келишим келечекте дагы талаш жаратпайт деп кепилдик берген. Бул дагы өкмөттүн компетенциясына кирбейт эле.
Айтор, мына ушул жагдайлар менен С. Исаков өзүнүн кызматтык абалынан алдаканча кыянат пайдаланганын түшүнөбүз. Ошондо деги бул адам «жаш реформатор кадр» беле же Кыргызстанды жеп-жутуп тынгысы келген тыңчы беле деген суроо жаралат. Экинчиси көбүрөөк дал келип жаткансыйт.
Булак: NazarNews.kg