www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күз айындагы президенттик аламанга катышууну самагандар боюнча түрдүү сөздөр чыгууда, жакындан бери Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов бир муштумга биригип, тандем түзөөрү боюнча кеп тараган эле. Айрым талдоочулар билермандык кылып, эгер капчыгы калың эки көпөстүн жолу тогошчу болсо, эч кимди алдына салдырбайт, чаңына дагы карандатпайт деп жоруп жиберишкен. Бирок элдин оозу жыйылганга чейин эки эрен абийрин айрандай төгүп, кайым айтышып, бири экинчисинини айбын  чукуп жиберди.

Айта кетсек, Бабанов Ысык-Көлдө өткөн көчмө жыйындын жүрүшүндө өзүнө атаандаш катары көргөн Сариевге ор казып, Балыкчы-Корумду жолун оңдоодо өткөрулгөн тендер боюнча чиновниктерди тез арада жоопко тартуу керек экендигин баса белгилеп: “Тендер өткөрүүгө катышкандар, премьер-министр гана эмес , башка чиновниктер дагы жоопко тартылышы керек”, - деди.

Ал эми Темир мырза Бабановдун Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 17 млн долларлык жеңилдетилген насыя алгандыгын ачыкка чыгарып: “Биз өзүбуздун жеке долбоорубузга насыя алууга аракеттенбестен каттуу иштедик”, - деген жообун узатты.

Демек мынчалыкка барган соң эки эргулдун эми башы бирикпейт.

Булак: “Мантыш”

Последние новости