www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейшенбек Бекешов кыйратып ишетегем деген Сариевдин өкмөтү тууралуу буларды билдирди.

"Азыр машинесиз адам адамбы? Жеке ишкерлерибиз мүлдө кыргызды машинеге мингизди. Сариев өкмөт башчы болгончо жылына 100 миңдин айлансында автомашина ташып келип жатышкан. Айрыкча карапайым калкыбыз жапандын сапаттуу жана арзан автолоруна марып эле калган. Сариевдердин саясатынан соң ал иш кан буугандай токтоду.

Элге жаңы машина мингизебиз деген бетпак план менен карапайым калк жаңы машинадан биротоло каңтарылып, эң жаңысы 2004-жылы заводдон чыккан автолорду 4-5 жылдан бери бири биринен алып сатып, ишпалдасын чыгарып минип келатат.

Себеби, эң акыркы массалык завоз (ташып келүү) 2004-жылкы автолор менен бүткөн. Андан кийинки жылкы өтө аз санда гана ташылып келген автолорду чоңдор менен байлар гана албаса, жөнөкөй элдин чама-чаркы жетпейт. Автолор мурдагыдай эле ташылып келе берсе бүгүнкү күндө элдин көпчүлүгү эң эски дегенде 2008- 2010-жылкы машиналарды минип калмак.

Кыскасы, Сариевдин өкмөтүнүн автомашина саясаты көмүр абаны булгайт экен, свет жагалы деп, же көмүрдөн, же светтен жок, элди тоңдуруп өлтүргөн сыяктуу болуп калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости