www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Башка түшсө байтал жорго” Атамбаев митингге чыккандарды камоочу эле эми өзү митинг өткөрүп жатат. ОБОНчулар митинг жок арыктап кеткенде митингдер башталды. Бишкектеги «Форум» имаратынын алдында Атамбаев жана анын тарапташтары өткөргөн тынч митинг болду. Атамбаевчилер ага үч миңдей киши катышканын белгилеп жатышат. Эркин байкоочулар жана журналисттер миңдин тегерегинде киши катышканын айтышты. Митингчилер тарабынан бийликке бир нече талап коюлуп, резолюция кабыл алынды. Анда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкен убактан тартып шайлоо өнөктүгүндө айткан убада, ураандарынан четтегени белгиленген. Мындан сырткары мыйзамсыздыкты токтотуу, өкмөттү кызматтан кетирип, элдик өкмөттү шайлоо, УКМКнын, Башкы прокуратуранын, ИИМдин жетекчилерин тезинен алмаштыруу, камакта мыйзамсыз отурган саясий оппонеттерди бошотуу, чуулгандуу иштерди адилеттүү тергөөнү камсыз кылуу, мамлекеттик бийликтин беделин кетирген аткаминерлерди люстрациялоо, мамлекеттик аппараттын чыгымдарын кыскартуу, жетекчилик кызматтарга жаңы, прогрессивдүү адамдарды алып келүү тууралуу талаптар айтылган. Бийликке эки ай мөөнөт берилип, ал ишке ашпаса Сооронбай Жээнбековдун жана парламенттин кызматтан кетиши талап кылынары белгиленди.
Муну бир учурда Атамбаевге айтса куп жарашмак, эми өзүнө айтылгандарды башкага буруп жаткан жокпу?
Булак: «NazarNews.kg»