www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Атамбаев, катачылыктарын, кылмыштарын мойнуна албайт, жалганчы”, деген пикирин саясатчы жана коомдук саясый ишмер Ахматбек Келдибеков “Де-факто” гезитине берген маегинде.

--Алмазбек Атамбаевдин сырын бүтүн эл билип бүттү. Ал эч качан кетирген катачылыктарын, кылмыштарын мойнуна албайт, жалганчы. Мыйзам алдында баары бирдей, кылмыш кылган болсо Атамбаев өзү жооп бериш керек. Коюлган күнөөлөр ачык айкын болуп жатат. Ошентсе күнөөлү же күнөөсүз экенин сот аныктайт. Эгер акмын десе соттун алдында жооп берсин. Анын абалын табалабайм. Кыргызда “таба эмес, тобоо” дейт. Бирок ким болбосун колу менен кылганды моюну менен тартыш керек. Мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз. Демек, мыйзам баарына бирдей, деген Келдибеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости