www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев элди түндүк-түштүккө бөлгөнү үчүн камалашы керек. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев айткандай “Атамбаев биринчи президенттин антын бузду, экинчи наркты бузду, эми калкты бузайын”, деди. Бул сөз таамай айтылды. Эми Кой-Ташта бука сойдуруп, этин жеп, кыргыз элин жапайы букадай эле челип жатат, деди бүгүн, 4-июлда “Ак калпак” партиясынын төрагасы Улукбек Маматаев NazarNews.kg маалымат агенттигине.

--Атамбаев 6 жыл мамлекетти каалагандай калчап, эми Хан сарайында шар аккан суунун жээгинде жөн жатпастан, кайрадан элди алдаганга аракет кылып жатат. Эмне бул кишиге 2010-жылдагы 87 баланын өлүмү менен Ош окуясындагы кандуу кагылышуу жана Дача СУдагы кырсык көзүнө көрүнбөйбү? Эми кандуу кагылышууну кайрадан самап жатат. Бул кишиге адамдын өмүрү менен тагыдыры баары бир экенин кыргыз эли же түшүнө элекпи.  Атамбаев учурда Сооронбай Жээнбековго каршы чыгып жатат. Анткени ал айтпадыбы,”Мен жаңылып калыптырмын. Сооронбай Жээнбековдун мындай экенин билбептирмин”, деди. Антип актанбай эле: “менин тилимди Сооронбай Жээнбеков алат. Президенттиктен кеткенден кийин дагы Жээнбековду куйт дедирбей өлкөнү башкарып олтура берем. Мага Жээнбеков баш ийбей койду” деп ачык эле Атамбаев айтса болмок. 87 баланын өлүмү менен бийликке келип, президент болуп жыргатпаган эми жыргатабы? Атамбаев азыр досуна чын эле эркелеп жатат, - деди Улукбек Маматаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости