www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Памир-Алай айыл аймагына караштуу Сары-Могол айылында калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга багытталган инфраструктуралык долбоордун алкагында курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат.
Долбоордун жүрүшүн координациялоо жана техникалык маселелерди ыкчам чечүү максатында Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жана подряддык уюмдун өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрүлдү.
Жыйында аткарылган иштердин көлөмү талкууланып, долбоорду ишке ашыруунун кийинки этаптары белгиленди.
Учурда 1,52 чакырымдык суу өткөргүчтүн 1 чакырымы толугу менен тартылды. Ошондой эле жалпы узундугу 9,97 чакырымды түзгөн ички суу тармагынын 2,5 чакырымы орнотулду.
Суу сактоочу резервуар курула турган жер тилкеси Мамлекеттик акт менен толук таризделип, долбоорлоочу уюмга өткөрүлүп берилди.
Курулуш иштерине 2 экскаватор, 1 атайын техника жана 8 адис тартылып, иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Долбоордун негизги максаты — Сары-Могол айылынын тургундарын сапаттуу жана таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу менен камсыздоо инфраструктурасын жакшыртуу.
Курулуш-монтаждоо иштери белгиленген талаптарга жана графикке ылайык улантылууда.