www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин азыркы депутаттары негизи чырдан кийин бакты ачылган, чырмоок жеген бакма коёндордой эле десек болчудай. Азыркы "түкүрүктөр" 2020-жылдагы окуядан кийин баш көтөрүп депутат болуп келгени менен көпчүлүгүн мээлеринде мандем бардай. Президент аялдарга болгон мүмкүнчүлүктү берди эле, депутат болуп келген айымдардын көбү жетеленме, сүзүлгөн улактай болуп ар ким менен алым-сабак айтышканы эле болбосо алгылыктуу деле эч нерсе кылбады. 

Тайлак баккан чабандестей болуп, тапыратып эле мыйзам чыгарганы болбосо, көбү мыйзам эмне экенин деле түшүнбөйт. Сырттан карап турсаң ак көйнөк, кара туфли кийгени менен өзгөчөлөнбөсө, оюнчак ат минген жаш баладан айырмасы деле жок. 

Чыгарган мыйзамдары карапайым калкка эле иштейт. Колдонгон сөздөрү "мыйзам кабыл алынды, 1-2-3 - окуу" деп олтуруп тажатып жиберишет.

Дегенибиз, бул аптада депутат Адахан Мадумаров трибунадан агынан жарылды эле, эртеси "Кундуз, Мундуз" дегендер Мадумаровдун түкүргөн түкүрүгүн тили менен тосуп алышты. Мадумаров эркек экен, каратып туруп кесиптештеринен жийиркендигин бетине кашкайта айтты. Эми Мадумаровдун айткан сөздөрүнөн депутаттар таасирленип, келерки аптада аракетин кылабы же жокпу күтө туралы? Баса белгилеп айтып кетели Жогорку Кеңеште көп депутаттардын калдайган менен карааны деле жок, айрымдарын трибунадан туруп сөккүң келет, мүмкүнчүлүк гана берилбейт.

А баса, "эки дос" так ушундай Ак үй менен Көк үйдөгү саясатчылардын саткын же саткын эмес экенин азыр ажыратып билип, принципке турган мыктыларды колтукка катканды унутпашы керек. Анткени Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековду сатып кеткен саясатчы, "ирик-чириктер" ушул тапта "себетин" көтөрүп Ташиев менен Жапаровдун эшигин сагалап жүргөнүн бир нече жолу уктук. Кудай сактасын, бир нерсе болуп кете турган болсо, "эки досту" биз эмес, алар толугу менен сатып кетишет. Кыргызда, "уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адам калабы" деген кеп бекеринен калбаса керек. Дагы айта кетүүчү негизги сөз, азыркы бийликке Мадумаров душман эмес, үн катпай "ыржаңдап" олтургандар душман. Себеби, чындыкты чыркырата айткан адам, эч качан бирөөгө душмандык кылбайт. 

Эске сала кетсек, 2022-жылдын 22-декабрында Жогорку Кеңештин парламенттик фракциясынын лидери Мадумаров А.К. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна, «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» жана 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 328 Жарлыктарын конституциялык эмес деп табуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин жана 4-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп, сунуштама берген.

Элдик Курултайдын макамы Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген. Элдик Курултайды Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесине ылайык мыйзамдаштырууга, конституциялык мыйзамды кабыл алуу менен камсыз кылынууга тийиш. Бирок, белгиленген конституциялык талаптарга каршы, Президенттин Жарлыгы Элдик Курултайдын ишин уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин жөнгө салат, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости