www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет майданында Google деген издөө программасынан башка да толгон токой маалымат издөө системалары бар экендигин билесизби? Электрондук китеп, илимий изилдөөлөр жана башка пайдалуу маалыматтарды издеп табуу үчүн колдоно турчу сайттардын тизмесин сактап коюңуз, балким пайдасы тийип калаар.

www.refseek.com – академиялык ресурстар боюнча издөө програмасы. Миллиардка жакын энциклопедия, монография жана журналдардын казынасы.

www.worldcat.org – дүйнөдөгү 20 миңге жакын китепкананын маалыматтарын камтыган издөө программасы. Издеген таңкыс китебиңизди дал ушул жерден таба аласыз.

https://link.springer.com – 10 млн илимий документ, китеп, макала жана изилдөө протоколдорунан турган издөө программасы.

www.bioline.org.br – өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү Bioscience тармагы боюнча илимий журналдардын электрондук китеп базасы.

http://repec.org – 102 мамлекеттин ыктыярчылары топтогон 4 млнго жакын экономика жана башка илимдер боюнча макалалардын базасы.

www.science.gov – 2200+ илимий сайттын башын бириктирген АКШнын мамлекеттик маалымат издөө программасы. Жалпы жонунан 200 млн макала жайгашкан.

www.pdfdrive.com – китептердин акысыз PDF форматын көчүрүү сайты (дүйнөдөгү эң ири). Жалпы жонунан 225 млн аталыштагы эмгектер бар.

www.base-search.net – академиялык изилдөөлөр үчүн эң күчтүү маалымат издөө программасы. 100 млн илимий документ жайгашкан, анын 70% акысыз.

Которгон: Нуриет Абдулазиз

Булак: NazarNews.kg

Последние новости