www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өтүп бараткан аптада тамеки аткезчилиги боюнча тегерек стол болуп, анда чыгып сүйлөгөн Эл аралык ишкердик кеңештин төрагасы Аскар Сыдыков – сигареттин баасы жогорулап баратканын сынга алды. Анын айтымында, азыр бир куту тамеки адамдын бир күндүк кирешесинини 36 пайызын түзөт, дүйнөдө болсо бул көрсөткүч 10 пайыздын тегерегинде. Ошол себептен тамеки аткезчилиги өсүп баратат имиш.

Дүйнөдө азыр – тамеки тарткан адамдардын санын кыскартуунун бирден бир жолу, сигареттин баасын жогорулатуу болуп саналат. Ошондуктан, Кыргызстан алдыңкы мамлекеттердин катарына кирем десе, тамеки баасын дагы жогорулатыш керек жана жогорулатат. Ишкерлер болсо – элдин ден соолугу жөнүндө ойлобойт, алар акча санаганды жакшы көрөт.

Албетте, аткезчилик менен күрөшүү керек жана ал – бийликтин гана эмес, ишкерлердин дагы милдети. Ошондуктан алар – аткезчилик көбөйүп баратат деп кейибей, аны менен күрөшүүнүн жолдорун издеп, сунушташ керек, антпегенде ишкерлер – тамеки өндүргөн дүйнөлүк корпорациялардын кызыкчылыгын коргоп калат.

Последние новости