www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда бензиндин кымбатташына Сауд Арабиясы күнөөлүү эмес, бул Кошмо Штаттардагы мунай иштетүүчү заводдордун жетишсиздигинин кесепети. Мындай пикирин Fox News басылмасына королдуктун ТИМ башчысы Адель аль-Жубейр билдирген.
"Силерде мунайды иштеткен заводдор жетишсиз. Аларды он жылдап курган эмессиңер", — деген ал.
Аль-Жубейр Сауд Арабиянын АКШга зыян келтирүү максаты жок экенин белгилеген.
"Сауд Арабия АКШга зыян келтирүү үчүн же саясий кырдаалга катышуу үчүн муну жасады деген нерсе толугу менен чындыкка дал келбейт", — деген министр.
Эске салсак, ОПЕК+ уюмуна мүчө мамлекеттер бааны кармап туруу үчүн ноябрь айынан тарта мунай өндүрүүнү суткасына эки миллион баррелге чейин кыскартууну макулдашты.
АКШ президенти Жозеф Байден мындай чечимди алысты көрө албагандык деп атаса, мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Сауд Арабияга жооп иретинде чара көрүүнү убадалаган.
Булак: NazarNews.kg