www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Эмне үчүн Кытайдан коркобуз?

Кытайдан коркуунун деле кереги жокпу деген ой кетет. Кытайдын жери Тайванды ала албай эстери ооп жатат. 80-90-жылдары Кытай Кыргызстан үчүн чоң коркунуч туудуруп турган. Кытай СССРге каптап кирген окуяларды айтпайлы. Мүмкүн ал мезгилде батышка таянып жаткандыр. Сатыбалды Саралаев деген өтө акылдуу, саясатты чаккан досум бар эле жолугушкан жерден Кытай жөнүндө сөзгө кирчүбүз. Сөз миллардаган Кытай Кыргызстанга кирсе эмне болот деген темага сайылчу. Сакемдин көзү өтүп кеттти,  бирок Кыргызстан Кытай жоломок түгүл Тайванын ала албай эси ооптурат. Ал мезгилде Үзөңгү-Куушту бердик. Ошол бойдон Кытай бизди унутту.

Эми болсо Орусия менен Кытайдын жалпы зор душманы –АКШ. Кытай БУУда Орусияга каршы мыйзамдарга добуш берүүдө эки ирет калыс болуп берди. Эмне үчүн же колдоп же каршы болбойт. Анткени Орусияны ачык колдосо Кытай менен да батышчылдардын ортосунда чоң чыр-чатак чыкканы .турат. 2016-жылы Сирияда согушта Орусияны БУУда бародыгы жамандап жатканда Кытай калыс болуп берген. Орусия Крымды кошуп алганда да Кытай калыс болуп берген, деги Украина боюнча ДНР, ЛНРге келгенде  Кытай дайыма калыс болуп берет. Эгер «макул» болсо да, «каршы» болсо да тышкы экономикалык саясатына залалы тиймек. Кытайдын өзүндө Тайвань маселеси турат.

Азыркы чакта Кытай ѳз аймагын ʏчтѳн бир эсеге арттырып, 3 млн.кв.км Тʏштʏк-Кытай деӊизин ѳзʏнѳ кошуп алган. Хунань провинциясынын басмаканасы Кытайдын жаӊы ʏлгʏдѳгʏ картасын чийип чыгышты. Бул картада Кытай ушул кʏнʏ талашып жаткан Тʏштʏк-Кытай деӊизи кичирейтилген масштабда жашырылбай, ачык кѳрсѳтʏлгѳн. Бул картада 3 млн кв.км аянты бар Тʏштʏк-Кытай деӊизи Кытайдын негизги аймагы катары белгиленген. Кызыгы,эми Кытайдын жалпы аймагы ʏчтѳн бир эсеге кѳбѳйʏп турат. Албетте, бул кургакчылыкта жана деӊиздеги жаӊы Улуу Империя! Кытай байыркы кыялдары ишке ашышы ʏчʏн, илгерки картадагы чийилгендер эми чындык болуш ʏчʏн бардык колунан келгендерин жасап жатат.

Орусиянын дасыккан саясатчылары Кытайдын Тайван боюнча көтөргөн маселесин коргойбуз деп ачык айта баштады. АКШнын Мамлекеттик департаменти Кытайды Тайванга карата басымын токтотууга чакырып жатат. Мекеменин расмий өкүлү Нед Прайстын билдирүүсүндө “Биз Пекинди Тайванга аскердик, дипломатиялык жана экономикалык басым жасоону токтотуп, анын ордуна демократиялык жол аркылуу шайланган өкүлдөрү менен конструктивдүү диалог баштоого чакырабыз” деп айтылды. Андан бир аз мурдараак Тайван бийлиги Кытайдын сегиз бомбалоочу жана төрт тик учагы түштүк-чыгыштагы белги коюлган аймагына киргенин маалымдаган.

Прайс Кытай өзүнүн кошунасын коркутуп алуу аракетин улантып жатканына Кошмо Штаттар кабатыр экенин белгиледи.1979-жылы АКШ өкмөтү Кытайдын маанайына жагымдуу кадам жасап, өзүнүн Тайван менен дипломатиялык алакасын кыйла салкындаткан. Кытай Тайванды өзүнүкү деп тааныйт жана бул аралдагы өзүн мамлекет деп эсептеген субъектини дүйнөлүк алкакта саясий өңүттө обочо калтырууга колдон келишинче аракет кылып келет. 

 Кытай Тайвандын эгемендүүлүк алууга болгон кандай гана аракети болбосун арты согушка алып келерин эскерткен. Бир нече күндөн бери кытайлык Аба күчтөрүнө таандык учактар аралга жакын учуп өтүүдө.Буга чейин АКШ президенти Джо Байден билдирүү жасап, Тайванды колдоо ниетин билдирген. Вашингтон Кытайдын билдирүүсүн кыжырдануу атап, чыңалуу тирешүүгө алып келерин белгилеген.

АКШнын жаңы бийлиги дагы Кытайга адам укугу, соода талашы, Гонконг менен Тайвандагы кырдаалга байланыштуу маселелер боюнча мурдагы катаал позициясын улантат деп күтүлүүдө. Дональд Трамптын башкаруусунда Вашингтон менен Бээжиндин мамилеси кескин начарлаган эле.Кытай Тайванды өзүнүн провинцияларынын бири катары эсептеп, өз алдынча эл аралык мамиле куруусуна каршы чыгып келүүдө. Тайвань болсо өзүн Кытайдан көз каранды эмес субьект катары санайт. Аралдын өзүнүн конституциясы, армиясы жана өкмөтү бар.

2013-жылы президент Си Цзинпин жар салган “Бир алкак, бир жол” демилгеси 2017-жылы Кытай Конституциясына киргизилип, Бээжиндин глобалдык инфраструктуралык өнүгүү фонду аркылуу Кытайды дүйнөнүн туш тарабы менен байланыштыруу максатын көздөйт. Кытайдын Афганистан боюнча миллиард доллардык долбоору 2049-жылы жыйынтыкталышы керек. Бул - Кытайдын Африкадан Европага чейинки аймакта эбегейсиз насыяларды сунуштап, бир кезде Батыш тескеп турган жерлерге орношуу саясатынын бир бөлүгү. Талкууланып жаткан сунуштардын бирине ылайык, Афганистан менен Пакистандын түндүк-батышындагы Пешавар шаары ортосунда чоң жол куруу каралган

Бүткүл дүйнө COVID-19 менен алек болуп турган учурда, Кытайда Нипах аттуу вирус жайыла баштады. Вирус дүйнөгө дагы бир пандемияны жаратып жатканы айтылууда. Учурда анын өлүм көрсөткүчү 75 пайызды түзөт. «Нипах вирусу жаңыдан пайда болуп жаткан жугуштуу оору, бул өтө кооптонууну жаратат. Нипахты каалаган убакта таратса болот. Вирус дары-дармекке туруктуу болушу мүмкүн”, - деди Джейасри К Иер, Голландияда жайгашкан Медициналык Фонддун аткаруучу директору. Нипах - сейрек кездешүүчү вирус, мөмө жеген жарганаттар аркылуу жайылат. Ага чалдыккан адамдар сасык тумоого окшогон белгилерди же бейтаптардын мээсине зыян келтириши мүмкүн. ДССУнун маалыматы боюнча, Нипах энцефалитти (мээнин олуттуу оорусу) же мээнин сезгенишин шартташы мүмкүн. 2021-жылы Нипах вирусу Индиянын түштүгүндөгү Керала штатында дагы жайылып, ал жерде 17 адам оорудан көз жумган. Андан бери Сауд Аравиясы жана Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу өлкөлөр Кераладан тоңдурулган жана иштетилген жашылча-жемиш азыктарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салышкан. Ошол учурда саламаттыкты сактоо кызматкерлери Пальма ширесин ичкен адамдар үчүн Бангладеш менен Индиядагы Нипах эпидемиясын айыпташкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg




 

Последние новости