www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «2018-жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган «Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдылоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору каралды.
Жыйында гранттык макулдашуунун негизинде медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү маселеси боюнча КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев, ал эми карантиндик зона куруу жана аны жабдуу маселеси боюнча КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев баяндама жасады.
Макулдашуунун алкагында “Карантиндик аймак” соода-логистикалык борборун куруу маселеси боюнча комитет мүчөлөрү кызуу талкуу өткөрүштү. Маалыматка ылайык, мындай соода-логистикалык борбор куруу менен Сауд Арабия королдугу айына 1500 даана козу алып турууга даяр. Комитет төрагасы Айтмамат Назаров бул борборго деп каралган 960 миң АКШ долларына заманбап шарттагы мал кармоочу жай, ветеринардык кызмат көрсөтүүгө өзүнчө жай сыяктуу тиешелүү жайлардын курулуштарына жумшаларын тактап, макулдашуунун негизинде аталган борборду ким башкарып, ким жоопкерчиликти алат деген суроолорду кабыргасынан койду. Эл өкүлү бул долбоорду ишке ашыруудагы уюштуруу иштери чечилбегендигин айтып, долбоордун чийкилигин белгиледи. Аткаруу бийлик өкүлдөрү 2-окууга чейин коюлган суроолорду тактап, маалымат алып келерине убада кылышып, ратификациялык долбоорду колдоп берүүнү өтүнүштү.
Жыйынтыгында гранттык макулдашуунун концепциясы жактырылып, жогорудагы сын-пикирлердин аткарылышын мыйзам долбоорун 1-окууда Жогорку Кеңештин кароосуна чыкканда көзөмөлдөмөй болушту.
Мындан сырткары, комитет жыйынында 1-окууда сунушталган «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору четке кагылды. Мыйзам долбоору арак өндүрүүнүн легалдуу көлөмүн көбөйтүүгө багытталган деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg