www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Канат Керезбеков №99 кесиптик лицейди митаамчылык менен Юракадемияга каратып алган. Мындай билдирүүнү Президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда ишкер, Кыргыз программалык камсыздоону жана кызматтарды өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Азис Абакиров билдирди.
Анын айтымында, Президент менен ишкер чөйрөнүн бүгүнкү жолугушуусу ачык-айкын жана жемиштүү болду. “Мен ИТ экспортунун ийгиликтери жана программисттердин жетишсиздиги тууралуу сөз кылдым. Ошондой эле, биз ИТ-академия кылабыз деп пландаган 99-кесиптик лицейди депутат Керезбеков кантип митаамдык менен алып койгонун да айттым. Ал жыйынтыгында Юракадемиянын алдындагы ИТ-академия болуп калган”, - деп билдирет Абакиров.
Канат Керезбеков Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат. Парламентке келгенге чейин ал Кыргыз юридикалык академиясынын ректору кызматын аркалаган.
Булак: NazarNews.kg