www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсенкул баатырдын неберелери Ниязбектен Ормон, Куттуксейиттен Шамен, Базаркулдан Сатылган, Назардан Боталы, Шооруктан Ботбай. Ошол мезгилде сарбагыш, бугу тирешип, Ормон хан өлүп, ал кунуна сарбагыштар көлдү үч айлансын, Алыбек баатырдын башын алгыла деп керээз калтырган. Саяк уруусунан Алыбек учурунда казактан Уулбаланы Ормонго алып барып берген, Ормон жибип турган экен жакшы көргөн "Каракелтесин" берет. Кийин Алыбек Ормон менен чатакташа кетип,Ормон "каракелтенин арты чирип кетти,алмаштырып берейин» деп мылтыкты сыраганда, "Уулбаланын деле арты чирип кетти" деп бугуга кире качкан. Бугу менен сарбагыш чабышы Алыбектен улам болгон дешет. Ормонду өлтүрөрдө сарбагыштарды кубалап барып, Алыбектин "Каракелтеси" атылган, ошондон улам Алыбекти өлтүргүлө деп керээзге кошуп кеткен окшойт.
Базаркулдан Сатылган, Назардан Боталы, Шооруктан Ботбай жана саяк Чоткара (Ал жаңыдан маркум болгон Жданов колхозунун башкармасы Саралаев Жумакадырдын чоң атасы) чүкө ойноп отурса, чоң энеси Каракыз (Эсенкулдун кемпири) келип кейийт экен: "Силердей жигиттер жоого чыгып жатса, силер казанды аңдып ушул жерде чүкө ойноп отурасыңар" - деп. Намыстанган бул төртөө Алыбектин айылына келип аңдып, колго түшүрүп Ормондун керээзин аткарышкан. Алыбекти чычкак улактай өңөрүп келатышса, тоонун башында кийик турат. "Колумду чечип "Кара келтени" берчи атып түшүрөйүн" дейт, мергенчи Алыбек. Ботбай айтканын аткарарда Сатылган көнбөй койот. Эгер Алыбектин колуна мылтык тийгенде кийикти атмак эмес, төртөөнү төрт жерге сулата атмак.бул тууралуу кенен билген Турганбай аксакал көзү өтөрүндө бабасы Боталы тууралуу жазгандарын алып келиптир. Ал кезде гезитте эмес, мектепте директор болуп иштөөчүмүн, ошондуктан аны редакциялап басып чыкканга мүмкүнчүлүк жок болчу. Кийин бул жакка көчүп келген соң таппай калдым. Негизги бере турган ой ушул тууралуу болчу.
Бул тууралуу Боталы айылчылап көлдөн Нарындагы Тынымсейит элине бараткан Тилекмат уулу Чыныбайга айтып берет. Адигинеден чоң атасы Жылкыайдар кыздын себине келгендиктен, бугулар болуштукту бербей коюшат. Чыныбайды бугу эли болуш шайлабай койгон соң, көлдөгү Саруу, Дөөлөс, Мундуз деген бугу эмес уурулардын башын бириктирип, болуштук түзүп, болуш болот. Көп өтпөй бүткүл Каракол өрөөнүнө оезнойдун жардамчысы болуп топ өткөзөм деп келген Шабданды арабага салып жөө айдаган.Солтобай деген ырчысы "Жөө тынай" деп ырдайт. Бул үчүн Шабдан өч аларда Шамен токтотуп калган. Чыныбай менен Боталы кудалашып, Чыныбайдын кызы Боталынын уулу Дадабайга турмушка чыгат. Дадабай жаш кезинен көз жуумп Чыныбай кызын Канимет деген баласы менен көлгө алып кетет. Канимет көлдө өсүп чоңойот,совет заманында анын эки уулу бирдей министр болгон. Ал тууралуу сөз болот.
Боталынын Дадабайдан башка Калча деген уулу болгон. Калчадан көп тукум калат. Калча эмес, Теңир-Тоону тегеретип турган Уруйпа, Такин деген урпактары бар. Экөө тең Сулаймановдор, ошол үчүн Калча тукумдары жээрип тургансыйт. "Уккан кулакта жазык жок" - дейт. Сулайман өзү Ботбайдын баласы, бирок Турганбай Боталыдан тараган. Калчанын Табылдысынан Ражап төрөгөн Абдыжапар менен Уруйпанын энеси менен Турганбайды кийин Сулайман аксакал кара эшегин минип алып "канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай" өстүргөн. Аны сыйлашып, өз аталарынын катталышпай көпчүлүгү багып алган Сулаймандын наамында жүрүшөт. Сулайманова Уруйпа эже мыкты билим алып, Бишкекте чоң окуу жайында профессор,ошол кездеги карасуулуктар Рыскул Султакеев (эң биринчилерден медициналык илимдердин кандидаты болгон), Апан Абдыкеев (Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатын башкарган),Темирбек Касымкулов (Кой-Ташта башкарма болгон) Садыбакас Шамбетов (женпедде декан болгон), Казыбек Сакиев (Миң-Кушта Оргтехника заводун башкарган), Молдокмат Данияров, (врач), Асыкбек, Бектурдун балдар, кыздары сыяктуу Ак-Кыянын мыктылары көп болушкан. Азыр алардын балдары өз арасында жат, жат арасында өз болуп көбү "киргиздерге" айланышкан.
Алкымда илгери Алкым деген колхоз болуптур. Улуу согуш убагында бул жердеги токой көптөгөн жаш жигиттерди "койнуна жашырып", Отонтойлор "отоп" келген малдарын жашырып багышчу дешет. 1980-жылдардын аягында Исакеев совхозу менен биздин Жданов колхозу Үкөк деген жайлоону талашып жүрүштү. Аксакалдар, комиссия отурган бир жыйында Исакеевдиктер бул жак биздин жер болчу деп үстөмөндүккө салып келатат дейт. Ошондо Сиезбек байке: "Согуш убагында ушул жерлерге согуштан качып жүргөн менин карасуулук Отонтой таякелерим ар кимден көрсөтпөй алып келген малдарын багып, бул жер биздин эле жер эмес беле" - деп, исакеевдиктерди сөзгө сындырып талаш жер биз тарапка чечилген.
"Элүү жылда эл жаңырат", азыр Алкымды бойлой ошол кездеги адамдардын урпактары жашап жатат. Алардын камчыга саптуусу эми Такин-олигарх. Малы менен пейили канча экенин билбейм, атасына жетпейт го, бирок саясий зиректиги атасындай маалыматтуу, санжырага да кызыгуусу зор дешет, ошондуктан кыргыз санжырасы жерде калбас.
Такиндин атасы Турганбай аксакал 60 миң кой баккан бир колхоздун, Жданов атындагы колхоздун көзгө басаар алдыңкы мен деген чабаны болгон. Ал менен катарлаш кээ бир чабандар спикер болом деп жулунуп, кээ бирөө "Герой" үчүн жанын садага чаап жүргөндө Турганбай аксакал ак эмгеги менен бир калыпта ак иштеп ардактуу президиумдан арылбай, сөзмөрлүгүнөн элди чымчып, жамактай сүйлөп, "Кулча эмгектенип, ханча жашап жүрдү". Анын баскан, турганы ошол кездеги жаштарга үлгү болуп келген. Турганбай Сулаймановдун кылган эмгектери үзүлбөй маалымат беттерине чыгып, аны туурайбыз деген сыяктуу сочинениелерди мектеп партасынан далай жаздык.
Атамдын бир айтканын эстейм. Каниметовду Турганбай аксакал коноктоп, атам да болуптур. Турганбай аксакал менен атам теңтуш, теңтушча бири-бирин тамашалап турушчу. Атам директор, Турганбай министрдин көзүнчө деле тамашалап жатат дейт. Анда Ражап апа бар. Атам жаңы мектеп жөнүндө, анын "Генеральный проекти" бүтүп эми колхоз тарабынан курулган жатканын айтып жатам дейт. Анда Ражап апа: "Кекеме мектеп салганга жардам берип кой" деп жатат дейт. Каниметов мектеп боюнча кызыгып суроолорду берип жатат дегени бар. Ал кезде субординация болгон. Тукем субординацияны уруп ойнойбу, бир чети министр жакын тууганы болуп жатса. Атам тамашаларына унчуккан деле жокмун дегенин уккам, кантсе да Каниметов министр, ал кезде майда-чүйдө директорлордун өтүн ОблОНО Капар Кыдыралиев эле алып койчу. Ошол мектепти бүт проектисин даярдап, колхоз акчасын төлөп мына курган жатканда, Усубалиев Кочкорго келип калды дейт. Анан райком айтат да Жданов колхозу мектеп курган жатат деп. Усубалиев бир гана ооз айтып койду дейт. Анын сөзү закон да, Жданов колхозунун №1 бригадасы Кочкор менен удаалаш, Кочкор борбор, Кочкорду өнүктүрүш керек, колхоз сала турган мектепти Кочкор жакка салгыла деп. Бир ооз сөз менен, атамдын канчалаган эмгектери чыркырап күйүп кетти. Ошентип Калинин, азыркы Кыдыралиев орто мектеби биздин колхоздун эсебинен Кочкор жакка салынып калыптыр. Усубалиевден башка киши болгондо же азыркыдай эркин заман болгондо атам өжөрлөнүп отуруп Кара-Сууга салдырмак экен.
Турганбай аксакалдын көзү өткөндө Каниметов келип, атам экөө бир-эки күн кечке баарлашыптыр. Ошондо Каниметов мен министр кезде, бир да жолу көмөк сурап келбей койдуңуз дептир. Канимет Назардан тараган энесин ээрчип көлгө ооп кетишкен, кийин ата-тегин издеп таап, Калчанын балдары менен катышып жүрдү. Министр болуп турганда Калчанын уулу Дүйшөмбүнүн күйөө баласы Ишен уулу Бейшенбекти жөөлөп жүрүп Университеттин экономикалык факультетине декандын орун басары кылган. Бейшенбек аны түшүнбөй Айнагүл эжей менен ажырашканга чейин барды. Анткени менин карындашым Венера Айнагүл эжей менен чогуу иштей турган. Мени Айнагүл эжени колдоп бер дегенинен "Эрди катын урушат, эси кеткен болушат" болбойлу, алар эртең эле кайра кошулат дегем, ошондой эле болсо керек.
Такиндин атасы Турганбай аксакал Жданов колхозунун Ленин ордендүү эң биринчи алдыңкы чабаны болгон. Атам менен жакшы теңтуш болуп чымчылап сүйлөй турган. Апам экөө Алкымда бир туулуп, бир өскөн, "Күкү" - деп койчу бир аз улуу болсо керек. Турганбай Сулайманов: "Чоңчарыктын акылы алтымыштан өткөндө келет" - деп каткырып калчу. 2000-жылдагы президенттик шайлоодо мурун РайОНО болуп иштеген Мукаш Абазганов бир топ райондун сакалдууларын ээрчитип келиптир. Анда мектеп директору кез. Айылдагы сөзгө өтүмдүү сакалдуу адамдарга жолуктур деп калышты. Турганбай Сулайманов, Токтобек Исмаилов, Жамалбек Чалбаев, Мырзакмат Данияров сыяктуу бир топ адамдардыкына бардык. Бары эле ал кишилерди колдошуп, бата берип жатышат, Турганбай Сулайманов көргөндө эле тескери сүйлөдү. Көрсө ал атайын тийиштик кылып жатыптыр,тамашалап жатып оңолду, бир бочка майга (соляркага) жыкты. Кийин баягы майды качан алып келишет деп жолуккан сайын айтып жүрдү. Кыздары Нурила "Эмгек сиңирген мугалимди” алды, Гүлила саясий карьерасы бышып турган учуру, көл тарапта депутат деп угабыз, Дамира “Кара-Кужурдун канышасы”, бир гана президент же спикер менен гана баарлашып тамак ичет. балдары жазып турдук. Сексенинчи жылдары Дамира Сулайманова деген математик болгон жадыбалды уктап жатканда ойготсо да айтчу.
Уулдары Алтын, Күмүш, Бриллиант кыздар менен гана баш кошушат. Уулу Мукай Күмүшүн артынып алып, Жалал-Абад менен Нарын дарыясы менен сал аркылуу гана катташат. Элебай бабасы Эсенкул баатырдын элесин элеп турган учуру, Болот бий, Маматкул тууралуу чемирчкедей чагып китеп чыгарат. Бир гана аны санжырачы деп айтууга ооз барбай турат. Себеби чоңчарыктын санжырасын жазып биздин үйдөн Акылбек байкени унутуп кетиптир дешет. Кичүүрөк мен унутулсам да бир жөн, эң улуусун, ушул күндө жашап жаткан адамды унутуп кеткен адамды санжырачы десе болобу?
Такин деген олигархы бар. Илгерки манаптардай малынын канча туягы бар экенин билбейт. Такин байдын малы суу ичкенде Алкымдын суусу түгөнүп калат дешет. "Малдын ээси Такин бай, майдын ээси Такин бай, жайдын ээси Такин бай" болуп Такин бай жүрөт. Такин байке менен бир нече жолу чогуу отуруп калдык, мээси мээ экен, кайдагынын барын түйүп алыптыр.Билген киши менен отурган жакшы да, билбеген дөдөй менен талашсаң, айтканын кечке кайталап жадатат.
Такин бай менен Дамира бийкечтин "Сулайманов" деген фамилияны чанып, өз атасынын атында "Турганбаев" же чоң атасынан "Табылдиев" деген фамилияга өтүүгө убакыт келди. Канчага чейин тиешеси жок адамдын фамилиясын пайдаланып жүрө беришет? Чын эле Сулаймандын балдары болушса, анда Калчага кошулушпай Шооругуна кетпейби?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg