www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 15-ноябрда Польшанын аймагына эки ракета учурулган. Бул ракеталар Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан атылган. Бул тууралуу «Associated Press» агенттиги жазды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Польшанын аймагына түшкөн ракетаны украин күчтөрү жакындап келе жаткан орусиялык ракетага каршы учурган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, маалыматтар Польшадагы ракетанын кулашына байланыштуу окуяга Орусиянын тиешеси жок экенин көрсөткөнүн айтты.
Анын айтымында, ал Германиянын канцлери Олаф Шольц менен сүйлөшүү учурунда окуя техникалык катадан улам болушу мүмкүн деген маалымат алган.
Эскерте кетсек, кечээ, 15-ноябрда түштөн кийин орус армиясы Украинага масштабдуу ракеталык чабуул жасаганда Польшанын аймагына эки ракета түшкөн. Ракеталар Украина менен чек арадан беш чакырым алыстыкта жайгашкан Люблин воеводствосунун (Польшанын эң ири административдик бирдиги) Пржеводов кыштагына түшкөн. Окуянын натыйжасында жарылуу болуп, эки адам каза болгон.
Орусия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков CNN телеканалына Польшадагы окуя тууралуу маалыматы жок экенин айтты. Орусиянын Коргоо министрлиги Польшанын массалык маалымат каражаттарынын жана бийликтеринин Пржеводов конушунун аймагына орусиялык ракеталардын кулашы тууралуу билдирүүлөрүн «абалды курчутуу үчүн атайын жасалган провокация» деп атады.
Булак: NazarNews.kg