www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшанын аймагына ракетанын кулашы Батыш күчтөрүнүн Орусия менен гибриддик согушу менен дүйнөлүк согуштун чыгуу ыктымалдыгын күчөтөт. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев өзүнүн Twitterдеги баракчасына жазып чыкты.
«Украинанын Польшанын фермасына жасаган «ракеталык соккусу» жөнүндөгү окуя бир гана нерсени далилдейт: Батыш Орусия менен гибриддик согушу менен дүйнөлүк согуштун башталышынын ыктымалдыгын жогорулатат», - деп жазган өз баракчасына.
Эске салсак, 15-ноябрда, Польша-Украина чек арасындагы Люблин воеводствосунун Пржеводув калктуу аймагына эки ракета түшкөнү кабарланган. Кийинчерээк Польшанын чукул кызматтары жардыруудан эки адам каза болгон деген маалыматты тастыктады.
KP.RU сайты билдиргендей, Орусиянын Коргоо министрлиги Польшанын чек арасына жакын жерде эч кандай сокку урулган эмес деп билдирди. «Пшеводовдогу ракета сыныктарынын сүрөттөрү россиялык курал менен эч кандай байланышы жок», - деп билдирди Орусиянын аскер департаменти.
Булак: NazarNews.kg