www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президентке жана «зэктикке» талапкер Сегизбаевдин же УКМК жетекчисинин мурунку орун басары Болот Сүйүмбаев изделип жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Сүйүмбаев бир нече жолу суракка жана башка тергөө иш-аракеттерине чакырылган. Бирок ал келбегендигине байланыштуу, ага Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 223-беренесинин 2-бөлүмү (экономикалык аткезчилик) боюнча кылмышка шектүү деген билдирүү берилип, издөө жарыяланган.
Болот Сүйүмбаевдин чоң атасы Ахматбек Сүйүмбаев ким болгон?
Ар бир доор алмашканда кандайдыр бир гармонияны жаратып, ѳзгѳчѳ философиясы менен адамдардын аӊ-сезиминде калат экен. Жакында 100 жылдык мааракесин өткөргөн Ахматбек Сүйүнбаев доор алмашып, доор айкалышкан 1920-жылы 17 –декабрда ал кезде Түркстан АССРинин карамагындагы Чүй өрөөнүндөгү Орто-Алыш (азыркы Байтик) айылында тѳрѳлгѳн. Ал бала кездерде лениндин доору тамам болуп, сталиндин доору башталган. Сталиндин доорун канчалык жамандасак да, ал бийликте турганда граждандык согуштун запкысын кѳргѳн совет элине америкалыктардай асмандата үй салып бере албаса да, жалпы журттун кем-карчы жок жакшы жашоосуна шарт түзүп бергени анык. «Алтын балык» деп бекер айтпайт. Бѳтѳнчѳ балалыгы сталиндик доордо ѳткѳндѳрдүкү чыныгы эле алтын балалык болгондой. Ал мезгилде бир гана Лениндин: «Окуу, окуу жана окуу»-деген урааны алдында октябряттын кызыл значогун тагынып, 3-класстан мен деген окуучуларды гана пионердик ант бергизип Бүткүл союздук пионер уюмунун катарына кабыл алар эле. Кызыл жагоо тагынып пионерге ѳтүү, али октябрят значогун тагынган классташтарга караганда сыймыктуу да, жооптуу да эле. Партия бала кезден эле активдүү жаштарга стимул берип, мыктыларын пионерге ѳткѳзүп, андан мыктыларын комсомолго ѳткѳзүп, чекесинен чертип партияга ѳткѳзүп «былк-былк, былк-семиз»-деп тандай баштоочу. Ошол тандамалардын биринчи сабында Ахматбек Сүйүнбаев жүрѳѳр эле. Бирок кайрадан доор ѳзгѳрдү. Бул жолу бала кезден кыттай куюлган идеянын бардыгы бырын-чырыны чыкты. Ал жеӊин түрүнүп кыргыз элин канткенде, ушул саздан сууруп чыгуунун жолдорун издей баштады.Түн уйкусун бѳлүп түйшѳлдү. Совет экономикасын тереӊ ѳздѳштүрмѳйүн элдин келечегине балта чаап аларын туйду. Тоонун суусу иримдеп аӊтарылды…
Ахматбек Сүйүнбаев Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу. 1939-жылдан баштап 1947-жылга чейин фашисттик Германия менен кармашып келген. Андан соң кѳп жылдары Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында финансы кызматкери, жетекчиси болгон. Анын талбаган эмгегин эске алып 1955-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине көтөрүшөт.
Министр болгонго чейин жөө жүрүп, автобуска түшөөрдө улам келген кишилерди алдыга өткөрө берип, өзү болсо транспорт токтоп калганда түн жарымында үйгө жөө келген күндөрү да көп болуптур. Кызматтык машина минген жылдары жол тоскондорду сала кетет экен. Министр кезинде айылдашынын карын күрөгөн. Айкөл адам тууралуу артында далай жакшы сөз калды. Кийинки учурлардагы кабинетинен чыкпаган министрлердей эмес, такай эл арасында жүргөн министр болгон. Айылдаштары айтып эскерип калышат: министр болуп иштеп турганда айылдан бир адам өтүп кетип, эл чогулуп келсе үйдүн тегереги калың кар. Баргандардын көбү кызматтагы адамдар болгондуктан туруп эле калышкан экен дейт. Ахматбек Сүйүнбаев келээри менен пальтосун чечип ыргытып, колуна күрөк алып, карды күрөй баштаганын көрүп, тургандардын бардыгы бир заматта карды тазалашып кол кабыш кылып жиберишет. Мүңкүрөп кайгыга түшкөн үй ээлеринин да жүрөгүн жылытышат. Эл кызыкчылыгын жогору коюп, сезон убагында үй бетин көрбөй иштеген. Ошол үчүн иш артка эмес алдыга жылган. Келечек муундарга мурас болуп кала турган нерселерге жан тартып, бушайман болгон. Азыркы тапта колунда бар адамдар тоолорду да менчиктеп албадыбы. Ахматбек Сүйүнбаев мындай көрүнүшкө сөзсүз каршы күрөшмөк. Бир ууч адамдардын кызыкчылыгы эмес, жалпы элге гана пайдасын бере тургандай кылып түзүп бермек. Эгерде ошол учурда азыркыдай бийликти кыргыз элине, өз колдоруна берип койгондо укмуштуудай сонун жашоону да орнотушмак. Ал учурда Москванын гана буйругун угуп, улут кызыкчылыгына тереңдеп кирүүгө көзөмөл кылып, тыюу салынып турган. Аттиң ошол кездеги жетекчилердей болуп азыр иштешсе гана!
Талыкпаган эмгеги Ахматбек Сүйүнбаевди алдыга жылдыра берди. Андан соң 1960-жылы Ош областтык аткаруу комитетинин төрагасы, 1968-жылга чейин Түштүк менен Түндүккѳ кѳпүрѳ болгон Султан Ибраимов Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарын бириктирген «жарым Кыргызстанга» «жарым пашаа» болуп иштеп, Түштүктүн элинин батасын алган киши. Партия менен ѳкмѳттүн талабын талбай аткарган Ахматбек Сүйүнбаев, Ош жергесинде ѳзүн-ѳзү кѳрсѳтүп республиканын премьер-министрине которулуп келет.
Ош облусун сегиз жылча «зыпылдата» тейлеп, борборго келген аксакалдын ѳмүр жолун да жазып кетпесек да болбойт. Кыргыз мамлекетинин түштүк бөлүгүн сегиз жыл жетектеген. Ош обкомунун секретары кези, жолдон кол көтөргөн бирөөнү олтургузуп алат. Шофердун жанындагы алдыңкы бош орунга олтургузат. Мас киши оюна келгендин баарын айтып, жетээр жерине жеткиче чарчатып бүтүрөт. Ал түшкөндө шоферу "Масты эмнеге салып алдыңыз, өзүңүздү чарчатты го?" дегенде "Анын да бир билгени бардыр, оюндагысын айтып жатат да" деп камаарап койбоптур. Машина менен кай тарапка баратпасын, ошол тарапка кете тургандарды бош орунга олтургузуп алып, ал тургай караңгы болсо үйүнө алып келип, тамагын берип, бараар жерине жеткиртип койчу экен.
Оштун обкомунда иштегенде Ахматбек Сүйүнбаевди карапайым кишилерден бери баары сыйлашчу дешет. Абышка- кемпир болобу, ким болбосун, ал жолуккан кишинин ал-абалын сурап, сүйлөшүп, эгер кемчил жери болсо, чарба жетекчисине айтып, аны аткартып берчү. Жубайы тууралуу да сөз өзгөчө. Ал эл катары пахта теримге чыгат. Боенбой, жоолук салынып, карапайым жүргөн буга да баары суктанышчу экен. Областтагы аялдар "сиз келгенде жаныбыз жай алып эле калбадыбы, болбосо чоңдордун аялдарын туурап кийинебиз" деп далай чачылчу элек" дешет.
Ошентип, катардагы финансы кызматкеринен республиканын өкмөт башчысы кызматына чейин жеткен. Биздин милдет бир гана премьерлердин султаны Ахматбек Сүйүнбаевдин адамдык касиетин ачып бериш. Республикабыздын түштүгүндө 15 күн болсо, калган күндөрүн түндүгүндө өткөргөн, ал бараарын айтып жарыялабай эле кыдырып, жакындан көрүп чыкчу. Кемчилигин бетине айтып, одоно бузгандарын жумуштан дароо эле алчу экен. Анын изин жашырып башка жумушка кое койгон эмес, законду бузганды закондун негизинде каматкан. Ошентип тартипти катуу сактаган. Ахматбек Сүйүнбаев регионго, жердешчиликке, уруучулдукка, тууганчылыкка караган эмес, кай бирлерге окшоп пара алган эмес, таза иштеген. Ал жупуну, жөнөкөй адам болгон. Бийликтеги адаммын деп кекирейген эмес. Ошондуктан тарыхта алтын тамгалар менен, ташка тамга басылгандай жазылып калган Ахматбек Сүйүнбаевдин Ош обкомун да, кийин өкмөт башчылыгын да Султан Ибраимовко өткөзүп бергени да кызык. Ахматбек Сүйүнбаев тууралуу жазган материалдарым массалык-маалымат каражаттарында суроо-талапка муктаж болуп, ар түркүн адамдардын кызыгуусун туудурган. Балким ушул кылымдык мааракенин алдында анын өмүр баянын шак жазышым да ошондон улам болсо керек. Уюткулуу элибиздин көрөңгөсү кур калбастан улам жаңы чыгаан урпактары менен толукталып турган. Мына ушундай учук улоочу, көрөгөч, ойчул, курч, жөнөкөй, иштерман, уюштургуч, заманыбыздын залкар мамлекеттик ишмери Ахматбек Сүйүнбаевдин тарыхий бейнесин ачуу, бул дагы абдан зор иш. Анын ата-энеси Чүй өрөөнүндөгү Орто-Алыш айылында жашап колдору жөндөмдүү - бири уста, бири уз, мээнеткеч адамдардан болгон.1920-жылдын 17 –декабрында кыргыз элине кийин аты чыккан Ахматбек деген уулдуу болушат. Кай бир кубулуштар илимде изилденип бүтө элек эмеспи. Балдары токтобой жүргөн ата-эне Ахматбекти төрөлөөрү менен аны башка үйгө таштап, кайрадан сатып алышат, ырымдап, балдары токтобой жүргөндүктөн башка улутча ат коюшат. Ата-энеси Кудайдан тилеп алган балдары жетиле электе эле кайтыш болуп кетишет. Тестиер кезинен эле ошол жалпы элге келген апаатчылыкты башынан кечирет. Ал балакатка жетип турганда согуш башталат. 1939-жылдан баштап 1947-жылга чейин фашисттик Германия менен кармашып келген. Согуш аяктагандан кийин туулган жерине кайтып мамлекеттик финансылык кызматтарда иштейт.
Ахматбек Сүйүнбаев 1955-жылы Кыргыз ССРинин финансы министри болот. Ахматбек Сүйүнбаев тууралуу эмгек жана экономика үчүн жаралган СССР Министрлер Советинин председатели Алексей Косыгин да жакшы пикирде болгон. Ал эмес Ахматбек Сүйүнбаевди Кыргызстандын келечектеги жетекчиси катары тааныган. Ушундай талбас ишмердүүлүгүнөн улам болгон кызганычтавн улам, ал өкмөт башчысы кызматын жердеши Султан Ибраимовго өткөзүп берип, катардагы коммуналдык чарба министри болуп жүрүп 1984-жылы союздук маанидеги персоналдуу пенсияга чыгат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg