www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сеид Атамбаев: «Атам тез аранын ичинде дарыланууга муктаж»

- Алмазбек Шаршеновичтин ден соолугу начар экени айтылып жатты эле, азыр жакшыбы?

- Атамдын бел омурткасында эки жеринде грыжа бар экени аныкталды. Бул тууралуу жактоочусу Замир Жоошев да тынчсыздануу менен коомчулукка айтып чыкты. Оорунун айынан ал көпкө отура албайт. Операция жасоо үчүн тажрыйбалуу дарыгерлердин кеңеши керек. Ошондой эле, атамдын жүрөгүндө да маселе бар болуп жатат. Кан басымы да абдан төмөн. Өткөн жумада ден соолугунун айынан атам эки жолку сот процессине катыша алган жок. «Өлкөгө кызмат кылам» деп жүрүп ден соолугунан айрылды. Эми минтип ак жеринен бир жылдан ашык камакта отурганына ичим күйөт, абдан кабатырланам. Биз үчүн абдан эле оор болууда. Өзүңөр билесиңер, Алмазбек Шаршенович ооруп турса да ачык айтпай, жашырат. Ал өтө намыскөй киши.

Кыскасын айтканда, Атамбаевге конкреттүү түрдө дарылоо талап кылынууда. Мурда жоопкерчилик Сооронбай Жээнбековдо болчу. Эми ал бийликтен кетти. Атамбаевдин азыркы учурдагы абалына Садыр Жапаровдун бийлиги жоопкерчиликтүү болот. Ал эми Сооронбай Жээнбеков эртедир-кечтир акылга сыйбаган иштерине мыйзам чегинде жана Кудай алдында сөзсүз жооп берет!

- Атаңыз менен акыркы ирет качан көрүштүңүз жана эмне жөнүндө сүйлөштүңүздөр?

- Өткөн жумада жолуктук. Атам экөөбүз ар кайсы темаларда сүйлөшөбүз. Неберелерин сурайт, туугандардан, элжурттан кабар алат. Ал дайыма мени менен жолукканда акыры чындык жеңээрин, ал үчүн убакыт керек экенин айтат. Өлкө үчүн тынчсызданат. Азыркы кыйын учурда мамлекет кантип кризистен чыгарын, ал үчүн эмне кылыш керектигин айтат.

- Жакында эле Алмазбек Шаршеновичин китеби жарык көрдү. Жаңылбасам, анда өзүнүн балалыгы жөнүндө жазган окшойт. Эмне үчүн балалыкка кайрылды? Дегеним, адатта саясатчылар саясатта басып өткөн жолун, кылган ишин жарыялоого басым жасашат го?

- Менин оюмча, бул биринчи эле китеби. Дагы уландысы болот. Атам өзү бала кезин абдан көп эскерет. Кызыктуу өткөнүн айтып. Көптөргө белгисиз болсо керек, атам тээ кичине бала чагында кут кармаган. Ал жөнүндө айтып берсе, өзүнчө кызык окуя. Аны эми өзү айтып берсе же ошол окуянын күбөсү болгон досу баяндаса жакшы болот.

- Сиздин атаңызга карата соттор адилеттүү чечим чыгарарына ишеним барбы?

- Мен соттордун адилеттүү чечим чыгарарына ишенбейм. Анткени, саясий негиздеги сотторду бир эле адам – президент гана чечет да. Бирок мен бир нерсени айтып коюшум керек, биздин душманыбыз бул – Сооронбай Жээнбеков! Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына, айылдаштарына мыйзамсыз иштердин баарын жасаган ошол киши. Ал эми Садыр Жапаровдун бийлигинен соттун акыйкат чечимин гана талап кылабыз!

Булак: Азия News гезит

Последние новости