www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын ири жер титирөөлөрдүн дооруна кирип бара жатканы боюнча РИА Новости Hürriyet басылмасына таянып жазды. 

Түркия бийлиги Стамбулдагы жер титирөөгө туруксуз деген үйлөрдөгү 1,5 миллионго чукул батирлерде тургандарды көчүрүүнү караштырып жатканын мартта ошол кездеги Шаар куруу министрлигинин жетекчиси Мурат Курум айткан эле. Стамбулдун оппозициялык мэри Экрем Имамоглу муну сынга алып, шаарда калктын ашык топтолушуна байланышкан көйгөйлөрдү белгилеген.

Имамоглу буга чейин мэриянын жер титирөөгө даярдык көргөн иштеринин планынын бет ачарын өткөрүп, андан айланып өтө албай турушканын айтып, кырсыктын качан болуп кетерин алдын ала билүүгө мүмкүн эместигин белгилеген. Мэриянын эсебине караганда, 7,5 магнитудалык жер силкинүү болсо 90 миң имарат урап, 4,5 миллионго чукул жаран убактылуу баш калкалаган турак жайга муктаж болот.

Түркиядагы алдыңкы сейсмологдордун бири Наджи Гөрүр азыр жашап жаткан мезгил бир топ эле кооптуу экендигин белгилеген.

"Бул боюнча тамашалап жаткан жерим жок, себеби кийинки мезгил кандай болору түшүнүктүү. Биз күчтүү зилзала башталуучу этапка кире баштаган мезгилде жашап жатабыз", — деген Гөрүр.

 

Сейсмолог Стамбулда ураткан күчкө ээ жер титирөөнүн болуу ыктымалдыгын эскерткен.

"Кааласак, айдыңга чыгып, Стамбулду зилзалага даярдай баштасак болот. Мен эмне үчүн күтүп отурабыз деп ойлонуп жатам?.. Стамбул жер титирөөгө али толук даяр эмес...", — деген ал.

Апрелде Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жер титирөө коркунучу бар деген аймактагыларды жайгаштыруу үчүн пландалган Стамбул каналынын жээгинде "запастагы" шаарларды түзүү пландары тууралуу айткан эле.

2023-жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк-чыгыш тарабындагы Кахраманмараш провинциясында 7,7 жана 7,6 магнитудасындагы зилзала тогуз сааттык аралык менен кайталанган. Аны афтершоктор коштоп, күчү аталган өлкөнүн 11 провинциясында жана жакын жайгашкан мамлекеттерде, анын ичинде Сирияда да сезилген. Соңку маалыматтарга таянсак, бул кандуу зилзала Түркияда 56 миң кишинин өмүрүн жалмаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости