www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш чарчап бүттү. Украина колдоосуз калчудай...

Батыштан көрсөтүлгөн колдоо токтой турган болсо аскердик аракеттердин ыргагын басаңдатып, Россия менен сүйлөшүүлөр жөнүндө олуттуу түрдө акыл калчоого туура келет. Андай жагдай эмнеге алып келерин РИА Новостисайтына жарыяланган макаласында серепчи Михаил Катков божомолдоп көргөн. 

Ийри отуруп, түз кеңешүүгө мезгил жетти

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба алдыдагы күз абдан оор болорун моюнга алды. Себеби союздаштардын арасында Москва менен диалогго үндөөлөр улам катуу жаңыра баштады. Ал эми Глобалдык Түштүктүн өкүлдөрүн Киевди бир өңчөй колдоого көндүрө албай келишет. Ошол эле учурда министр эртеби-кечпи, сүйлөшүүлөр башталарын да четке какпайт. Болду-болбоду, ортомчу аркылуу өтөт.

Былтыр күздө украиналык бийлик мыйзам деңгээлинде Москва менен бардык саясий байланыштарга тыюу салганы маалым. Бирок кырдаал өзгөрүүдө. Албетте, Киев ачууга алдырып территорияларды тынчтыкка алмашуу мүмкүндүгүн караманча уккусу келбей жаткан чыгар. Мындайды сунуштап жаткандар өзүнүн көнгөн бизнесин тезирээк ишке салууну гана ойлошот. Ал эми Украина өзүнүн территориялык бүтүндүгүн, коопсуздук кепилдиктерин калыбына келтирүүгө тийиш.

Москва сүйлөшүүлөргө алдын ала коюлган шарттарсыз, бирок "учурдагы реалдуулуктарды" эске алуу менен даяр. АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз кызматынын башчысы Мэттью Миллердин айтымында, Вашингтон мындан таптакыр баш тартууну эч качан талап кылган эмес.

Каражат жок

Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулунан майнап чыкпай, Зеленскийдин командасы убада кылгандай жеңиш алып келе алган жок. Бул Батыштын шаабайын суутту. Эми Европа биримдиги менен АКШдагылар Украинаны акча, курал менен камсыздоону улантуунун кажети бар-жогун талкуулоого киришти. Себеби баары бир ал жактагылар алынган ресурстарды туура пайдалана алышпастыгына көздөрү жетти.

Олаф Шольц жаңжалдын дипломатиялык жөнгө салынарына үмүттөнгөнүн билдирди. Ошол эле учурда Сауд Арабиясында кырк чакты мамлекет Москва менен Киевдин ортосундагы тирешти талкуулаганын да кыстара кетти. Германиянын канцлери ошол форумду Россияга кысым көрсөтүү элементи катары көрсөтүүгө тырышты.

Германиялык Bild басылмасы Украина Куралдуу күчтөрү ийгиликке жетише албаса Россия чабуулга өтөрүн эскертет. Ошондо союздаштарда "балким, согуштук аракеттерди токтотуп койгон оң чыгар" деген суроо туулат. Die Welt газетасы да ушундай эле ойдо.

Украина менен АКШнын ортосундагы алакада деле баары тегиз эмес. Ак үй конгресстен Киевге чукул аскердик көмөк берүү үчүн 13 миллиард доллар сураган. Акча 30-сентябрга дейре керек. Бирок Өкүлдөр палатасын тескеген республикачылар азырынча бул маселеде арсар болууда. Көпчүлүгү Дональд Трамптын көз карашын эп көрүүдө. Америкалык мурдагы президент жаңжалды тезирээк токтотуу үчүн жардамды көбөйтпөй, курал менен жабдууну кыскартууга чакырууда. Ал эми CNN маалыматы боюнча, америкалыктардын 55%ы Конгресс Ак үйдүн өтүнүчүн четке кагууга тийиш деп эсептешет. Ошол эле учурда 48%ы, тескерисинче, аскердик жардамды көбөйүүнү жакташат. Киевди Польша президенти Анжей Дуда колдоп чыкты. The Washington Post жазгандай, ал курал менен жабдуунун зарылдыгын белгилеген.

Булак; NazarNews.kg 

Последние новости