www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сел агызып кеткен беш жашар баланын сөөгү табылды

12-июль күнү Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында жүргөн селден дайынсыз болуп жаткан 5 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

"Кум-Булуң тилкесиндеги Кара-Суу дарыясы менен Нарын дарыясынын кошулушундагы жердин жээгинен 5-6 жаштагы баланын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 9 куткаруучу тартылып , саат 15:20да маркумдун денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жогоруда Аксы районундагы табылбай жаткан баланын ата-энеси келип, табылган бала 2016-жылы төрөлгөн К.Т. аттуу баласы экендигин тастыктап беришкен", - деп жазылат билдирүүдө.

12-июль күнү саат 18:00 чамасында Ак-Жол айыл аймагындагы Алты-Айры жайлоосуна жааган жамгырдын кесепетинен Жолборсту сайында сел жүрүп, 7 адамды агызып кеткен (бир үй-бүлөнүн 6 мүчөсү менен 12 жаштагы бир бала). Мындан сырткары Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылында көчөдө ойноп жүргөн 2016-жылы туулган баланы агызып кеткен.

Жалпысынан 8 адамды сел агызып, анын ичинен 7 адам табылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости