www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 13-июлунда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жана Момбеков айыл аймагында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, бир катар көчөлөрдү, турак үйлөрдү, короо-сарайларды каптап, инфраструктуралык объектилерге зыян келтирген.

Табигый кырсыктан билим берүү тармагында эмгектенген бир катар кызматкерлердин үйлөрү, үй-мүлкү жана жеке чарбалары жабыркаган. Жалпысынан сел 50дөн ашык билим берүү кызматкеринин үйүн, ошондой эле 2 бала бакча жана 1 мектепти каптаган.

Селден жабыркаган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине караштуу Ноокен райондук комитети тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Колдоо райондук комитеттин бюджеттик мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында берилгени маалымдалды.

Последние новости