www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Менин атым Елена. Мен 23 жаштамын. Ижарага алган батирде итим менен жалгыз жашачумун. Күнүмдүк жашоого жана ижарага алынган батирдин акысын төлөш үчүн мен абдан көп иштөөгө туура келди. 

Бир күнү батирдин ачкычын жоготуп алдым. Мен бул тууралуу кире бериштен билдим. Отургучка отуруп алып ыйлап баштадым.

Анан мага бир селсаяк келип, эмне болгонун сурай баштады. Мен ага эмне болгонун айттым, ал мага ачкычтарды табууга жардам берүүнү сунуштады. Мен макул болдум.

Ачкычтарды эки саат издедик. Метродон подъездге чейин бир нече жолу басып өттүп, акыры ачкычтарды таба алдык. Мен селсаякка рахмат айттым. Анан мен ал эмне үчүн минтип жашаарын сурадым.

Ал киши мага бир жарым жыл мурун биздин шаарга иштегени келгенин айтты. Бирок, станцияда ага кол салуу болуп, сумкасын, акчасын жана бардык документтерин уурдап кетишкен. Ошондой эле катуу сабалган. Ал эми туугандары башка өлкөдө жашагандыктан, паспорту жок мекенине кете албайт жана паспортсуз эч жерде жумушка алышпайт. Ошондуктан ал селсаякка айланган.

Мага жардам берген адамды аябай аяп, батириме киргизип, тамактандырып, таза кийимдерди бердим. Андрей жуунуп, таза кийим кийгенде, ал мен ойлогондон алда канча жаш жана абдан сулуу экенин байкадым. Ал кетейин деп жатып, "бардыгына рахмат!", - деди. Мен ага жардам берүүнү чечип, анын калуусун сунуштадым.

Досторум аркылуу Андрейге расмий эмес жумуш таап бердим. Алты айдан кийин анын паспортун калыбына келтирүүгө жетиштик. Бул убакыттын баарында Андрей мени менен жашады. Ал мага дайыма жардам берип, алтургай айлыгынын чоң бөлүгүн берип турду. Ал абдан мээримдүү болчу. Бир нече убакыттан кийин ал мага жубайы болууну сунуштап, биз үйлөнүү тоюн өткөрдүк.

Ушундай камкор, боорукер жолдошум бар экенине абдан кубанычтамын. Азыр Андрей абдан жакшы акча табат жана биз ипотекага батир алууну чечтик. Андан бери эки жыл өттү. Азыр кош бойлуумун жана селсаякка турмушка чыкканыма такыр өкүнбөйм.

Андрей азыр мен үчүн дүйнөдөгү эң жакын жана эң кымбат адам. Билем, ал мени эч качан сатпайт жана мага болгон сүйүүсү өчпөйт Ал мен үчүн баарына даяр...

Интернет булактарынан алынды.

 

Последние новости