www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Винницкий облусунун 10 жаштагы тургуну карылыктан каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, кызынын өлүмү тууралуу энеси Facebook баракчасы аркылуу билдирген.

«Ирочкам көз жумду. Кечээ анын жүрөгү токтоп калды. Бул ирет сени сактап кала албаганым үчүн кечир», — деп жазган ал.

Кыз сейрек кездешкен, айыккыс прогерия дартынан жабыркап келген. Мында тери жана ички органдар өзгөрүп, организм тез картая баштайт. Башында бир нече ай наристе кадимки балдардай эле өсөт, андан кийин картаюу бир нече эсеге тездей турганы айтылды. Тери кургак болуп, бырыш басып, баш чоңоюп, ээк жагы өспөй калат.

Маалым болгондой, прогерия дарты менен жабыркагандар бир жыл ичинде 10 жылга картайып кетет. Аталган дартка балдар чалдыкканда орточо 13 жыл гана жашай алышат.

Медиктер каза болгон Иринага 5 жашында диагноз коюшканы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости