www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сентябрь айында өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет сентябрь айында өлкөнүн аймагында күтүлө турган аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн 4...9° жылуулуктан 14...19° жылуулукка чейин, күндүз 19...24° жылуулуктан 28...33° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1...6° жылуулуктан 8...13° жылуулукка чейин, күндүз 14...19° жылуулуктан 23...28° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Талас облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн 1...6° жылуулуктан 9...14° жылуулукка чейин, күндүз 15...20° жылуулуктан 25...30° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт.

Ош облусунун дыйканчылык аймактарында ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7...12° жылуулуктан 16...21° жылуулукка чейин, күндүз 18...23° жылуулуктан 29...34° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 3...8° жылуулуктан 12...17° жылуулукка чейин, күндүз 17...22° жылуулуктан 27...32° жылуулукка чейин жетет.

Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн 7...12° жылуулуктан 16...21° жылуулукка чейин, күндүз 18...23° жылуулуктан 29...34° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3...8° жылуулуктан 12...17° жылуулукка чейин, күндүз 17...22° жылуулуктан 27...32° жылуулукка чейин жетет.

Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн 7...12° жылуулуктан 16...21° жылуулукка чейин, күндүз 18...23° жылуулуктан 29...34° жылуулукка чейин барат. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3...8° жылуулуктан 12...17° жылуулукка чейин, күндүз 17...22° жылуулуктан 27...32° жылуулукка чейин болот. Ысык-Көл облусунун аймактарында абанын температурасы түнкүсүн 2...7° жылуулуктан 10...15° жылуулукка чейин, күндүз 12...17° жылуулуктан 22...27° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн 1...6° жылуулуктан 9...14° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир түндөрү -1...-3° чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 14...19° жылуулуктан 23...28° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт.

Алай өрөөнүндө ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1...-6° сууктан 0...5° жылуулукка чейин, күндүз 8...13° жылуулуктан 15...20° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Чаткал өрөөнүндө ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3° суук, +2° жылуулуктан 3...8° жылуулукка чейин, күндүз 13...18° жылуулуктан 23...28° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Суусамыр өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн 0...-5° сууктан 0...5° жылуулукка чейин, күндүз 13...18° жылуулуктан 22...27° жылуулукка чейин жетет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости