www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык теннисчи Мария Шарапова Нью-Йоркто өтүп жаткан Чоң шлем сериясындагы US Open турниринде биринчи эле айлампада америкалык Серена Уильямска жеңилип калды.

Муну менен Серена Уильямс Шарапованы 20-ирет жеңип жатат, мурда 2 ирет жеңилген эле. Серена Уильямс учурда дүйнөнүн сегизинчи ракеткасы саналат, ал эми Шарапова аялдар рейтингинде 87-орунда. Бул турнирдеги жеңилүүсү менен эми ал алдыңкы жүздүккө кирери да күмөн жана ушуну менен анын чоң спорттогу карьерасы аякташы мүмкүн.  

Белгилей кетсек, Серена Уильямс буга чейин Чоң шлем турнирлерин 23 ирет утса, орусиялык теннисчи 5 ирет жеңген.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости