www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстандын чыгышындагы Лебап облусунда жергиликтүү бийлик банкматтарга кезекке туруунун алдын алуу үчүн катуу чараларды көрүүдө. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, полиция банкоматка кезекке турган кишилерди кармап, суракка алууда. Мындан тышкары мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен банктоматтардын жанында “көрүнбөөнү” талап кылышууда.
Өткөн жумада Түркмөнстан президенти Бердымухамедов өлкөдө каражат жетиштүү өлчөмдө экенин билдирип, банкоматтардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздабаганы үчүн Борбордук банктын төрагасына сөгүш жарыялаган.
Бирок “Азаттыктын”түркмөн кызматы банкоматтар бузулбай эле иштеп жатканын, болгону аппараттарда акча жок экенин белгилөөдө.
Түркмөнстанда банкоматтардан бир суткада 200 манаттан (57 доллар) ашык акча чыгарууга болбойт.
Булак: NazarNews.kg