www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Европа биримдиги менен мамилесин үзүп коюуга даяр. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.

Министр эгер дагы бир жолу Россиянын экономикасына таасир эте турган санкциялар коюла турган болсо, ушундай кадамга барышары мүмкүн экенин кыйыткан.

--"Биз дүйнөлүк жашоодон обочолонгубуз келбейт, бирок баарына даяр болуу керек. Тынчтыкты кааласаң – согушка даярдан", - деди Лавров.

Бул жума ичи Брюсселде Россияга каршы жаңы санкциялар кириши мүмкүндүгү айтылган. Москвага барып келген Европа биримдигинин тышкы жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Жозеп Боррель "Россия биз күткөн нерселерди актаган жок. Заманбап демократия кура албады" деп айтып барган.

Ортодогу мамиленин чыңалуусуна Украинадагы конфликтиден сырткары Беларустагы кырдаал, Алексей Навальныйдын камалышы, 23үнчү жана 31-январда макулдашылбаган митингге чыккандардын кармалышы таасир эткен.

Россия болсо европалык өнөктөштөрүн башка өлкөлөрдүн ички саясатына кийлигишпөөгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости