www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяда каза болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлигинин лейтенанты Дастан Анарбековду “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде акыркы сапарга узатуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы мекен үчүн баатырларча курман болгон Дастан Анарбековдун үй-бүлөсүнө, ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Президент жолугушуу-реквиемдин катышуучуларына кайрылып жатып, ушул жылдын сентябрында Баткен жергесине болгон куралдуу кол салууда жашоонун даамын эми тата баштаган кырчындай жигиттерибиздин окко учушу мүлдө кыргыз элинин кабыргасын кайыштырып, кайгыга салганын белгиледи.
Садыр Жапаров кыргыз эли ар дайым бардык кошуналар менен достукту жогору баалап, пайда болгон көйгөйлөрдү сүйлөшүү жолу менен гана чечкенин баса белгиледи.
“Тилекке каршы, жакында эле коңшу өлкө Кыргызстандын жерине басып кирди. Бирок Дастандай болгон Мекени үчүн тоо болуп туруп берген жоо жүрөк кыргыз жигиттеринин татыктуу каршылыгы алардын мизин кайтарды. Туулган жердин ар бир карышын коргогон баатыр уулдарды жарык дүйнөгө алып келген энелерге, аларды өстүргөн аталарга башымды ийип таазим кылам. Дастан Анарбеков сыяктуу жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбайт, алардын жаркын элеси бүткүл кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат!”, - деди Президент.
Ал Дастан Анарбековдун ысымы Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин элеси катары элдин эсинде түбөлүккө сакталарын баса белгиледи.
“Мекен үчүн жан берүү – эрдиктин жеткен чеги! Дастан аскердик антына бек туруп, Мекен үчүн, улуу кыргыз элинин бейпилдиги үчүн, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, чек арабыздын кол тийгистиги үчүн душман менен кармашып жатып шейит болду.
Жаткан жери жайлуу болсун!”,- деди президент Садыр Жапаров.
Андан ары аза күтүү музыкасынын коштоосунда Ардактуу кароолдун ротасы Дастан Анарбековдун сөөгүн буга чейин комплекске коюлган, танк экипажынын үч мүчөсү, УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаныбай уулу Тилектин жайынын жанына жерге беришти.
Ротанын аскер кызматкерлери үч жолу ок чыгарды. Президент Садыр Жапаров жана башка митинг-реквиемдин катышуучулары жоокердин жайына бир ууч топурак ыргытышып, эскерүү дубасы окулду.
“Достук” чек ара тозотунун башчысынын орун басары, 21 жаштагы Дастан Анарбеков Талас облусунда туулган. Ал 2022-жылдын 16-сентябрында Достук айылын коргоодо мектептин аймагында каза болгон. Чек арачынын сөөгү көпкө чейин белгисиз бойдон калып, бир катар экспертизалардан кийин гана анын өздүгү такталган.
Булак: NazarNews.kg