www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектеги абанын сапаты боюнча маселе каралып жатат. Түшкү тыныгууга чейин депуттарга Бишеке мэри баш болгон бир катар тиешелүү жетекчилер келип маалымат беришти.
Бирок, түшкү тыныгуудан соң депуттар жыйынга толук чогулбай, кворум болбой жатты. Буга нааразы болгон депутат Шайлообек Атазов депуттарга кайрылды.
"Урматтуу депутаттар, абанын булганышы, оорулардын көбөйүшү тууралуу маселени карап жатабыз. Кайдыгер болбойлу. Бизди сыйлап Бишкек шаарынын мэри, министрлер келип отурат. Суроо-жоопторду баштайлы.
Эгер кимдир бирөөңөрдү бир ажыдаардын куйругун тебелеп алып, (мисалы, ушул маселеге жооптуулардын) алар, маселени карабай, токтоткула деп жаткан болсо, ачыгын айткыла.
Кайдыгер болбой, кабинеттен чыгып, түшкү тамактанууга кеткен болсоңор келгиле эртерээк. Бул абанын булганышына чекит коюп, тиешелүү жетекчилерге баа беришибиз керек", - деди Атазов.
Булак: NazarNews.kg